У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айдана Дека жолдошуна аккордеон белек кылды


23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнү жакындаган сайын айымдар мырзаларына белек тандап башташат эмеспи. Мырзаларга белек тандоо оор экендигин көпчүлүк айымдар моюнга алышат. "Белектер саналуу эле", "өзгөчө белек тандаш керек" деген пикирлерди көп эле айымдар айтып калышат. Бирок, көпчүлүктөн өзгөчөлөнүп сүйүктүү адамына зарыл, жүрөгүнө жакын белек тандаган айымдар да арбын. Алардын арасында ырчы Айдана Дека дагы бар. Ал жолдошу, белгилүү ырчы Аваз Акимовго музыкалык аспап, тагыраагы аккордеон белек кылды. 

Кубанычтуу жаңылыгы менен Аваз акимов күйөрмандарына бөлүштү. "Негизи мырзалардын майрамына көп маани бербегеним үчүн өзгөчө белек болду. Жаным, чоң рахмат. Белегиң өзгөчө болду. Буюрса алдыда көп жакшы чыгармалар ушул аккордеон менен чыгат" дейт ырчы жигит.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter