У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кундуз Макеева: “Актрисалыктан баш тартуума аял затына тиешелүү түйшүктөр себеп болду”


 
“Булак көрсөң көзүн ач” дегендей, жаш таланттардын багын ачып, жол көрсөтүп жаткан мугалим жамаатына миң алкыш айтсак да аздык кылаар. Бул ирет Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин “Театр” факультетининин “Актердук чеберчилик” кафедрасынын ага окутуучусу, Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын ээси  Кундуз Макеева бизде мейманда.
 
- Кундуз айым, өтүп кеткен жыл сиз үчүн ийгиликке мол болду окшойт?
Ооба, буюрса менин ишимдин мөмөсү эми бышып, жетилди окшойт. Себеби ушул ийгилекке жетүү үчүн бир топ жылдан бери эмгектенип келем. Чыгармачылык чөйрөгө 24 жылдан бери аралашып, иштеп келе жатам. Ыссык-Көл областына караштуу Каракол шаарындагы Ы.Туманов атындагы музыкалык орто окуу жайды бүтүп, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин “Театр” факультетинин “Актердук чеберчилик” кафедрасында окуп, ийгиликтүү аяктадым. Окууну бүткөн соң,  Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында актриса болуп иштедим. Ошол эле учурда А.Малдыбаев атындагы Опера балет театрында Хордун артисти болуп кызмат кылдым. Кийин өзүм окуп бүткөн окуу жайга ишке чакырышып, кудай кут кылсын үзүрлүү эмгектенип келем. Театрдагы тажрыйбам мугалим болуп иштөөмө чоң жардамчы боло алды. Өзүң образ жаратууну, сахнада басып жүрүү эрежелерин кандай үйрөнсөң, ошолорду жаш муунга үйрөтөсүң.
 
  • Балдарга билим эле берип тим болбостон жан дүйнөсүнө жагуу мугалимдин милдети эмеспи. А сиздер чыгармачыл балдарды тарбиялап жатасыздар, кылдат мамиле кылсаңыздар керек? 
  • Балдарга билим бериш үчүн өзүң көптү билип, туура сүйлөп, үлгү болушуң керек. Ар бир баланын кыял-жоругуна чыдап, алардын ички сезимин ойготуп, жүрөгүндө кусалык, таарыныч болсо  жумшартып, акыл-насаат айтып үйрөтүү өзүнчө эле чоң түйшүк экенин жон терим менен сезип жатам.  Ошол эле учурда жан дилиң менен жазаган ишиңдин акыбети кайтаарын да билдим. Балдарга билим берүү оңой-олтоң иш эмес. Алар билим алганы келип, эч нерсе билбей, үйрөнбөй кетсе,  келечегин талкалаган менен барабар болобуз.  Ошол үчүн  жоопкерчиликти сезүүгө колумдан келишинче аракет кылып иштеп келем.
 
  • Иштин акыбети кайтып жатат деп калдыңыз...
  • Кудай буюрса ишимдин акыбети кайтып, окуткан студенттеримдин жыйынтыгы  көзгө алынаарлык болуп келе жатат. Эң биринчи мактанаарлык нерсе бул, 2015-жылы Астана шаарында согуштун 70 жылдыгына арналган бүткүл дүйнөлүк Көркөм окуу боюнча фестивалга студентим Кыдырмаева Зинат катышып , 1-орунду алып келди. Бул менин ийгилигим эмес, Кыргызстандын ийгилиги болду. Ушул жылы өзүм окуу жайда “Жылдын мыкты мугалими” болдум. Театр чөйрөсүндө иштеп, Д.Күйүкова атындагы сыйлык менен сыйлангам. Мамлекеттик кандай гана иш чара болбосун колумдан келишинче студенттерди ар кандай чыгармаларды даярдап, сахналаштырып, көркөм окутуп, конкурстардан, фестивалдардан калбай иштедим.  Көптөгөн Ардак грамота, ыраазычылык баракчаларды алдым. Б.Бейшаналиева атындагы КММИУнен сырткары, Н.Исанов атындагы КМКТАУде Жаштар борборунда “Арт-Мурас” драмалык ийриминин жетекчиси болуп 2016-жылдан бери иштеп келем.  Ал жакта да тынымсыз иштеп, актёр эмес болсо да чыгармачылыкка кызыккан балдарды сахнага чыгарып, көркөм окуганды үйрөтүп келем.  Окуу жайлар арасында А.Токомбаевдин 115-жылдыгына арналган Көркөм окууга катышып баш байгени,1-2-орундарды алып келишти.  Окуу жай ишимди баалап,  “Билим берүүнүн Ардак грамотасын” алып беришти.

  •  Мугалимдикке басым жазап, актрисалык ишиңизди 2-планга калтырууңузга эмне себеп болду?
  • Мындай чечимге келүүмө аял затына тиешелүү түйшүк түрткү берди десем болот. Себеби театрда иштөө аял үчүн бир топ оорчулукту жаратат. Театрда иш график так түзүлбөйт, ар кайсыл жакта спектакль уюштурулуп калса ойноого туура келет же кечинде үйдө тамак жазап, үй-бүлөңдүн маңдайында отурчу мезгилде сахнада кечки спектаклде ойноого туура келип калат. Буга кошумча айлык акынын аздыгы кендирди кесет... Негизи мугалимдикти тандоомо устатым КР эл артисти Калича Сейдалиева себепкер болду. Эженин көрөгөчтүгү мени мугалим кылды десем да болот. Ал үчүн устатыма миң мертебе рахматымды айтам. Эжеден билим алып жүргөн кезде эле "сен мугалим болушуң керек, шыктуусуң" деп көп айтаар эле. Азыр эжедей мугалим болсом деп болгон аракетимди кылып келем.

-  Театрда же тасмадагы өзүңүз сүйгөн роль?
  • Театрда мен сүйгөн роль Ж.Кулманбетовдун “Талант жана тагдыр” спектаклинде Бакен Кыдыкееванын кызы, Ж.Кулманбетовдун “Каргыш сага Жаңыл Мырза” спектаклинде Каныштын,  А.Дыйканбаевдин “Мүрөктүн суусу” спектаклинде Шербеттин образдары жана
    А.Малдыбаев атындагы Опера балет театрында “Ак Мөөр” спектаклинде Ак Мөөрдун жеңеси жана Жаштыктын образдары.  Кинодо болсо, С.Шернияздын "Биринчи кадр"тасмасында Ассистентка, Ж Кулманбетовдун "Кандуу сүйүү" тасмасында Каныштын, азыркы таптагы “Чайхана тв” каналында Ажаан аялдын образы жагат.
 
  • Поэзияга болгон сүйүүңүз жөнүндө да айтсаңыз?
  • “Поэзия” бул адабияттагы өзгөчө орунду ээлеген жанр. Мен поэзияны өзгөчө сүйөм. Поэзия бул ички сезимдин нотасы деп айтат элем.  Фальш нерсени кабыл албай турган жанр. Ошон үчүн азыркы тапта жаш муунга ар бир майрамда колдон келсе көбүрөөк поэзия окутуп, эл алдына чыгарганга аракет кылып келем. Буюрса ишим жаман эмес, балдардын кызыгуусу артып, кайра-кайра эфирге, телевидениеге поэзия окуп чыгып жатышат.  Арасында ыр жазгандар ого бетер шыктанышууда.  Былтыр улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына   карата эки окуу жайда тең  поэзия кечесин өткөрдүм.  Окуу жайымдын 50 жылдыгына карата “Поэзия жаш талант” деген аталышта студенттердин журналын чыгарып, ага студенттердин жазган ырларын топтодум.  Бул поэзиялар “Санат” телеканалында көрсөтүлдү.

  • Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter