У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ырчы Асел Кадырбекова реанимациядан палатага которулду


Автокырсыкка кабылып, ооруканада жаткан ырчы Асел Кадырбекованын абалы туруктуу. Ырчынын абалы тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков маалымдаганын маалымат каражаттары жазып чыкты.  
 
«Асел бир аздан сүйлөй баштады. Анын жанында дайыма апасы болот. Аны реанимациядан жеке палатага котордук. Ал апасын жана башка адамдарды тааный баштады, бирок көбүнчө уйкуда болот.  Абалы туруктуу, жылыш бар», — дейт Сабырбек Жумабеков.
 
Буга чейин Асел Кадырбекова түтүкчө аркылуу тамактанган болсо, учурда кашык менен тамактанып жатат.
 
Эске сала кетсек, Асел Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter