У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Болоттой эрктүү акын Өмүркул Кулумбаевдин дүйнөдөн өткөнүнө 10 жыл болду...

 
Бүркүт да ыйлайбы?
Бүркүт да өбөктөп ыйлайбы,
Билгенби ким көргөн мындайды?!
Башына иш түшсө сыр бербей,
Бажаңдап комдонуп турбайбы!
 
Бүркүт да кайгырып сыздайбы?!
Бүлдүрүп каргышты тытпайбы!
Чеңгелин таштарга матырып,
Чабыттап оболоп учпайбы?!
 
Бүркүттөр ыйлабайт, жашыбайт,
Булчуңу кайыштай качырайт.
Кокустан жаалына келгенде.
Күркүроп тоо кыйрайт, таш урайт.
 
Бүркүттөр бүркүттү көрүшөт,
Бүркүттөр бүркүттөй тебишет.
Ардыкса багынбайт, а көрө,
Аскага урунуп өлүшөт.
       

Бул ырда   49 жыл буту баспай, төшөктө  жатып калган акындын тагдыры бар. Муңдуу тагдыр. Бирок, болоттой эрктүү  акын, Жараткандын жазмышына баш ийип, жашоо үчүн  калемин курал кылып күн кечирди.Канаттуу поэзияны жаратты. Ондогон ырлар жыйнаган чыгарды, көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк  тапкан  ырларына шумдуктуудай сонун  обондор жаралды.
            Акындын кызы Гүлмира Кулумбаевага жолугуп, өмүрү легендага айланган акын тууралуу кеп курдук. Акындын кызы кыргызга аттын кашкасындай таанымал маданият кызматкери, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, учурда Маданият-Тарых-Тил каналынын шеф-редактору. Жалаң жан-дүйнөнү байыткан, рухий азык тартуулаган берүүлөрдүн  автору.


-Гүлмира  эже, оболу жакында эле мамлекеттик даражалуу сыйлыктын ээси болдуңуз, куттуктайм! Алган сыйлыгыңызды ата-энеме арнайм дегениңизди уктум эле, чыгармачылыгыңыз атаңызга байланыштуу экенин да билебиз, кепти ушундан баштасак...
Мен өзүмдүн чыгармачылыгымды атам Өмүркул Кулумбаевдин ысымы менен байланыштырам. Анткени,  атам кыргыздын белгилүү акындарынын бири. Болгондо да тагдыры да, таланты да башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Талант табияттан берилет эмеспи. Дал ошол талант оор тагдыр менен байланышса адаттагыдан таптакыр башкача чыгармачылык пайда болот экен. Дегеним, атам 27 жашында  автокырсыкка  учурап, күлгүндөй курагында баспай, төшөккө жатып калган. Мурда кудай тарабынан берилген таланты өзүнүн дүйнөсундө катылып жаткан болсо, ошол кырсыктан улам канатын кайрыган тагдыр анын талантын ачып койду. Кайсы бир жазуучунун айтканындай, “Талант деле күкүрт сыяктуу экен. Күкүрттү кандай катуу күч менен бааса, андан от чыгат” дейт. Анын сыңарындай атамдын татаал тагдыры атамдын талантына от пайда кылган. Жапжаш 24 жаш курагында 4 чиедей бала менен, төшөктөн тура албаган оорулуу акынды багуу милдети апам Турганбүбү Макееванын мойнуна артылган. Атамдын басып келе жатканын акыркы жолу 3 жашымда көргөм. Ошол элеси азыркыга чейин көз алдымда тартылып турат. Атам иштен келе жатканда баарыбыз алдын тозуп жүгүрчү элек. Оор тагдыр дегенимдин себеби атам ошол кырсыктын кесепетинен 49 жыл төшөктө жатты. Ошол себептен мамлекеттин мага  көрсөткөн сыйлыгы мага чыгармачылыктын татаал жүгүн жүктөп койгон атам акын,  Өмүркул   Кулумбаевдин, мугалим апам Турганбүбү   Макееванын үлүшүнө  тийиштүү деп ойлойм.


-  Өмүркул Кулумбаев деген ысымды укканда эрктүүлүктүн, тагдырдын оор сыноосуна туруштук берген күчтүү инсандын элеси көз  алдыма тартылат. Сизде атаңыздын сапаттары барбы?
-Ушул суроого  өзү  жакшы көрүп, жашоосуна  туу тутуп   келген, чыгармачылыгынын   лейтмотивин түзгөн ыр сапатары   менен жооп бергим келет:
Бүркүттүн тоолордо түнөгү
Бүркүттө кордоо жок бирөөнү.
Карасаң калпактай кара куш
Кабаарса тоосундай жүрөгү.
 
Бүркүт да өбөктөп ыйлаба?!
Ким уккан ким көргөн мындайды!
Кайратка ал келбей мөгдөсө,
Кара жер быркырайт, чыдайбы!
              Ушул чыгармада атам өзүнүн образын өзү  ачып берген. Жашоосу, жаштыгы ыйга-муңга толсо да мөгдөп жатып калган жок, жарыкчылыктын ар бир күнү үчүп  күрөшүп жашады.
Ойлогон жерге баралбай
От болуп күйүп, жаналбай,
Таңды-кеч жатам сулкуюп,
Табытка салган адамдай, дейт.
    Жок, бул пессимизм  эмес, жашоосунун  образы. Атам кырсыкка  учураган кезде отузга толуп-толбой турган курагы экен. 
         Атаңыздын сапаттары барбы деген сурооңузга жооп берүү  бир аз кыйынчылыкты жаратып турат.Мен атамдын ырлары аркылуу жашоону үйрөнүп келем.


- Атаңыз сыймыктанса  керек   сиздей кызы менен?
- Мен  атамдын   ар бир ырынын  тагдырын билем десем жаңылыштык болоор, бирок, алгачкы окурманы, машинкага баскан машинисткасы, редакцияларга  чуркаган чабарманы сыяктуу сезчүмүн өзүмдү. Журналистика – менин кесибим, облустук “Нарын правдасы” гезитинен чыгармачылыкка багыт алдым, облустук телерадиокомпаниядан  ал кезде КТРдин курамында болчу, үнүмдү калыптандырып, радиожурналистиканы үйрөндүм. Атамдын өмүрүнө өмүр,  ар бир күнүнө ырахат тартуулайын деп телеге чуркап жүрүп, бүгүнкү күндө тележурналистика багытында  “Маданият Тарых Тил” каналында эмгектенүүдөмүн. Атамдын ыр саптары бар:
“Миң жүрөктө  менин ырым жашаса,
Анда өмүрүм – түбөлүккө күн көрөөр” деген, атамдын  ыры, өзү   унутта калбасын  деген тилекте чыгармачылыгымды телеге арнап келем. Атамдын өмүрү  мен аркылуу   уланса Жаратканга  ыраазымын.


-Атаңыз көзү  тирүүсүндө   кандайдыр бир сыйлыкка көрсөтүлдү беле? 
- “Өксөөгө такыр баш ийбес
Өзүмүн сынбас болоттун” 
дегендей ушул жарыкчылыкта жашоонун  мыкты үлгүсүн көрсөткөн эрдиги  үчүн эле мамлекеттик  сыйлыкты алса болмок, бирок, бюрократиялык тепкичтердин оош-кыйыштары   болдубу, айтоор, ала алган жок. Бир нече жолу райондун акимчилиги, КР жазуучулар союзу аркылуу көрсөтүлдү, бирок, натыйжа болгон жок. Ушул сурооңо жарык көрбөй, барак бетинде калган бир ырын сунуштагым келип олтурат, болжолумда 2005-жылдары жазылса керек эле:

Жазганым жалган эмес элдин ою,
Жакшыны даңазалайм өмүр бою.
Жексурду кара курттай чвгып алып,
Жар салуу, адат мага көңүл коюу.
 
Чындыгың чыкпай тордон чыркыраган,
Чыкыйы  калыстыктын быркыраган.
Ынтымак быт-чыт чыгып эски бөздөй,
Ыймансыз  коомдомун   ыркы жаман.
 
Парага паракордун  боосуганын...
Байкадым жегичтердин соосунганын.
Канкордун кылычынын  мизиндемин,
Кан  ичкич   карышкырдын  оозундамын.
 
Изимде из кубарлар, жалданмалар,
Изимде беш тыйынга  алдангандар.
Итийи  бала сымал жашап жатам,
Ичимде  Ала-Тоодой   арман да бар.
 
Баарынын ташка чапкан  боорлорун,
Байкерлер балит  сүргөн доорлорун.
Сүтүнө  энесинин   наалат айтып,
Сасыган, сарык болгон коомдомун.
 
Арамдан төрөп  уулун эне саткан,
Алмадай башта мээсин  кене чаккан.
Атаны бала урган замандамын,
Алмасын ээлеп алган  белен шактан.
 
Эл белек, бирин-бири каралаган,
Экинин бири ишке  жарабаган.
Эл белек эп келишпей  эрди-катын,
Төшөктө  бири-бирин   паралаган.
 
Кайдасың, кайран  кыргыз бириндеген,
Күбүлүп, жалбырактай дирилдеген.
Эзилип эсил  кайран болобуз го,
Эрки жок энесинин  тилин жеген.
Атанын салтын жерип  баратасың,
Азгырып, бир кара күч  билинбеген.


-Акынга тагдыр керек деген сөзгө  кошуласызбы?
- Кыргыздын белдүү  акындарынын бири Анатай Өмүрканов атам тууралуу мындай деп жазган:
 “Акынды акын кылган тагдыры”-деп айтылган кептин чындыгы бар го деп ойлой берем. Эгерде акын Токтогул айдалып Сибирге барбаганда анын азыркыдай адабиятыбыздын төрүнөн орун алып, азыркыдай урмат-сыйга ээ болоорун бир кудайдын өзү билмек. Ушундай ойлорду акын Өмүркул Кулумбай уулу жөнүндө да айткан оң. Күнгө түн жашырынган сыңары, күйүттө күлкү түнөгөн окшобойбу. Эгерде ал кырчынында кырсыкка кабылбай, алты саны аман болсо ушундай акын болот беле, болбойт беле!? Булбулду сайрады дейбиз, мүмкүн анын сайраганы ыйлагандыр.
Акын Өмүркул Кулумбай уулу поэзияга кеч келсе да өз үн, өз почеркин тез тапты. Сыр жашырбаган татынакай ырлары менен оозго алынып, көзгө көрүндү”.
            Атамдын чыгармачылыгынын боегу өтө кенен, саясатпы, сүйүүбү баарын жазчу. Үйдө жатып эле ааламдагы жаңылыктардын баары менен кабардар, өзүнчө бир энцклопедия болчу. Эртең менен жумушка баратканда учурашканы кирсек, күнүгө жаңы маалыматтарын айтып берээр эле. Анткени күндүр-түндүр тыңдаганы радио,караганы  телевизор. Өзүнө керектүү каналдарын таап алчу. Газетаны катуу окучу. Абдан сөзмөр киши, жылдыздуу жан эле. Керебетте сүйлөшүп олтурганда анын буту жок экенин тааныбаган киши баамдай алчу эмес. Тырмактарынын учуна чейин мырзалык касиети бар таза адам эле. 
      Кошумчалап айткым келет, эгерде атам кырсыкка кабылбаса а кишиден мыкты  саясатчы, мыкты жетекчи чыкмак деп ойлойм, Саясатчылардан Англиянын мурдагы премьер министри    Черчиллди кумир тутчу. Атам 2010-жылдын 28- февраль күнү дүйнөдөн өттү. 
     Таң калганым, дүйнөдөн өтөөр күнүн билген  олуялыгы да бар беле деп ойлоп коем, 21-28-февралда жарыкка чыккан гезиттин чекесине керээзин жазып коюптур:
Мыйзамы экен жалгандын,
Маңдайга жазып салгандын.
Запкысын дарттын тартсаң да
 Зыйнатын көрдүң балдардын.
Көрүңө Өмүш ала кет,
Көтөрүп баарын армандын!”
       Ушул ыр - акыркы ыры болду... Өмүрүнүн  акыркы сааттарында жарыкчылыкка  армандуу карап, дагы-дагы жашагым келип жатат деди, өмүр бою кыйналып жашаса да ошол учурда дагы бир ирет эркинин болоттой бекемдигине таң калдым.
 
Кереги жок, мага айкел  тургузба,
Кереги жок теңебегин жылдызга.
Кайран киши  таштап кетти дегиле,
Керээз кылып өмүрүнөн бир нуска.
 
Максат ою,  адамдыгы өтөлүп,
Маңдайына жазылганды көтөрүп.
Кайгы-муңун  ала кетти дегиле,
Калды баркы деп айткыла өзү өлүп.
          Атам өзүнө-өзү  ырдан, поэзиядан эстелик тургузуп кетти.
         
Акын тууралуу  ой толгоолор:
Эсенгул Ибраев, КР эл акыны
 
    “Өмүркулдун ырларында эмгекке, жашоого, сүйүүгө, максатка болгон күрөштүн духу, эрктин бекемдиги даана байкалат. Адамдын керт башына тиешелүү өзгөчө бир мүнөздөрүнүн, кыял-жоруктарынын  айрым бир белгилери анын чыгармачылыгында байкалбай койбойт. Ал жаш кезинен оор кырсыка кабылып, эки буту баспай калган акын.  Мындай өкүнүчтүү тагдырдын канчалык оор экендигин түшүндүрүүнүн кажети жок. Жылдар бою кыймылсыз төшөктө жатып, кылдын учунда жаткан өмүрүн кайрадан “төрөп”-эр адамдын, эрки бек, муюшпас, кажыбас адамдардын гана колунан келет. Бул жагынан караганда Өмүркул Кулумбаевдин өмүрү Николай Островскийдин, Алексей Мересьевдин өмүрүнө окшоп кетет.”
“Кыргызстан маданияты”
1983-жыл


Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter