У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Достуктун антын бузбаган Хатико


“Хатико кожоюнуна белекке берилген...”
«Ит адамдын досу» деген жакшы кеп бар эмеспи. Аталган накыл кептин таамай айтылганын кожоюну кайтыш болуп калганына карабай көзү өткөнчө жолун караган атактуу Хатико аттуу ит далилдеген. Башкача айтканда Хатико деген ат  япон тили менен ишенимдиктин жана ынактыктын белгиси дегенди түшүндүрөт. Хатико дүйнөгө 1923-жылы Япониянын Акита префектурасында жарык дүйнөгө келген. Дал ошол жакта жашаган фермер күчүктү Токиолук университетте иштеген Хидэсабуро Уэно аттуу профессорго белек кылууну чечет. Профессор күчүккө Хатикоаттуу ысым ыйгарган.


“Кожоюну инфаркттын айынан күтүүсүз көз жумган...”
Хатико кожоюнуна өтө берилген күчүк болгон. Кожоюну кайда барса ал да жанынан чыкпай ээрчип жүрө берчү. Ит кожоюнун ээрчип, күн сайын ишке барганда акмалап ээрчип алган адат тапкан. Кожоюнун Сибуя бекетинин кире беришине чейин узатып барып,  кайра күндүзгү 3тө кайрылып келип, кожоюнун жолун тосуп чыкчу. Бул анын кадимки жумушундай болуп калган. Анын келип тосуп алаарын бекеттеги иштеген кызматкерлердин бардыгы билүүчү. Бирок мындай бактылуу күндөр узакка созулган эмес. 1925-жылы тилекке каршы анын кожоюну кокусунан жумушуна кеткен бойдон кайтпай калат. Профессор  университетте сабак берип жаткан учурда эсин жоготот. Тез жардам келгичекти бул дүйнө менен кош айтышып кете берген. Кийинчерээк ага   инфаркт диагнозун коюшкан.
 
“Кожоюнуну өлгөнүнө 7 жыл болсо да күтүүсүн токтоткон эмес...”
Хачико кожоюнунан айрылган күнү болгону 1 жаш 6 ай гана куракта болчу.  Кайтпай турган кожоюнун ошол күндөн тартып күн сайын карап, бекетке барганын токтоткон эмес. Түндүн бир убагына чейин жол карап, акыры кайтпай калганда үйүнө аргасыз кайтып жүргөндүгүн көргөндөр кийин айтып беришкен. Табияттын кайсы гана мезгили болбосун Хатико сүйүктүү кожоюнунун жолун тосуп келе берчү. Ошентип арадан 7 жыл өткөн. Баягы күчүк кезинде калган Хатико, 9 жашка чыкканча тынбай бекетке келгенин токтоткон эмес. Негизи Хатикого боору ооруган профессордун жакындары, достору, балдары аны өздөрүнө алып багуу аракетин көп жолу көрүшкөн. Бирок кожоюнуна өтө берилген Хатико бир да үйгө көнбөй койгон. Хатиконун тырышчаактыгына суктанып, баа беришип, жергиликтүү сатуучулар жана темиржолчулар Хатикого кошумча тамак берип турушчу.
 
“Сибуя бекети Хатиконун арты менен атактуулукка жеткен...” 
1932-жылы Токионун ири газеталарынын бирине Хатико тууралуу уккан кабарчылар  «Жети жыл мурун өлгөн кожоюунун кыйышпас досу болгон кары ит, дагы эле кожоюунун күтүп отурат» аттуу макала чыгарган. Дал ушул макаладан кийин ит жалпы Японияга белгилүү болот. Бул окуя жалпы Япониялыктардын жүрөгүн багындырган. Иттин мындай берилгендигине таңыркаган эл тынымсыз Сибуя бекетине аны көргөнгө келип турушкан. Айрымдары чындап эле турмушта ушундай окуя катталабы деп таң калышкан.  Ошол күндөн тартып аталган бекеттин атактуулугу арткан. Хатиконун күйөрмандары аны эч качан ачка калтырышкан эмес.


“Анын эрдиктери азыркыга чейин унутулбай келет...”
Хатико өмүр боюу кожоюнунун жолун карап жүрүп, аталган бекетте каза болгон. Анын сөөгү кеп түрүндө Япониянын Улуттук Илимдер Музейинде сакталууда. Хатикого арналып Орусиянын Тольятти  шаарында иттин  айкели тургузулган. 1934-жылы ит тирүү кезинде эле анын  эстелиги Сибуя бекетине тургузулган. Айкел экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бузулуп калган. Бирок иттин берилгендигин унутпаган япон эли  согуш бүткөндөн кийин 1948-жылы кайрадан эстелик тургузган.  Ар жыл сайын  Токиодогу Сибуя темир жол бекетинин алдында Хатикону эскерүү церемониясы болуп турат. Жүздөгөн ит сүйүүчүлөр Хатиконун ишенимдигин эстеп эскерип турушат. Хатиконун эрдиги тууралуу чыныгы окуядан улам тасма тартылган. Тасма 1987-жылы чыккан япондордун тасмасынын ремейки болуп саналат. Тасманын сценарийин Стивен Линдси жазган. Башкы ролдорду Ричард ГирЖоан Алленжана Сара Ремер аткарышкан.


Фабула Пресс
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter