У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айгүл Чалова: "Үйлүү болгонум жалган болсо дагы чындыкка айланып кетсе экен деп кыялданып жаттым... "


Социалдык тармактарга күн мурун "КР эл артисти Роза Аманова ырчы Айгүл Чаловага үй белек кылыптыр" деген маалымат тарап, экөөнүн тең күйөрмандары кубанып, алды Роза Аманованы алкап, арты Айгүл Чалованы куттуктап жиберишкен. Тилекке каршы аталган маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу ырчы Чалова өзү жазып чыкты.

"Кечээтен бери үйлүү болдум, таныштарымдын баары куттуктап кубандырып жатты. Чын эле үйлүү болгондой кубанып ошол жалган болсо дагы, жалганга жол бергим келбей, ушул куттуктоонун баары чындыкка айланып кетсе деп жаш баладай ичимен кыялданып жаттым. Бирок ал үйүм кайда экенин өзүм билбейм. Карантин учурунда квартпала боюнча үй кожоюну  менен кичине түшүнбөстүктөр болуп мени капа кылган. Ошол учурда ызаланганымдан элдин акыбалы кандай? Ушундай кырдаалда адамды адам түшүнүгө болбойбу деген мааниде жазгам, аны ар кандай фейктер ар кандай темада жазып, "кууп чыгыптыр" деген одоно түшүк менен жазышып, элдин башын айландырышкан. Жанымда чогуу куулгандай сүйлөгөндөр четтен чыкты. Ооба, ошол учурда Роза Аманова эжекем чалып акыбалымды сураган, Роза Аманова мага эч кандай үй берем деп убада кылган эмес,  балким шарты болсо кылмак, ошондуктан кечээ түшүнбөстүктөр болуп кетти. Мени куттуктап Роза Амановага алкыш айткандарга рахмат бирок кечирим сурайм. Сиздердин кубанычыңыздар чындыкка айланбай калган үчүн, бирок буйруса үйлүү болсом албетте кубанычымды сиздер менен тең бөлүшөм. Баарыбызга берүүчү да алуучу да бир гана жараткан Алла. Мен бир гана жараткандан сурайм, жаратканга дуа кылам, жаратканым жардам сураганга эмес ,жардам бергенге жеткирсин. Баарыңыздарга жакшы маанай жана кең пейилдүүлүк каалайм" дейт ырчы айым.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter