У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бектер жөнүндө аңгеме

“Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” деген эзелтен элибизде айтылып келген макал сыягы бүгүнкү кыргыз эли үчүн коошпой калды көрүнөт. Себеби баягы эле бектер менен ытышып-тытышып эл келатат. 

Биздин бектер бир жерден кетсе, кайра эле бир жерге бек болуп бекишет. Ал бектердин балдары, ага-тууган жек-жааттары дагы, кай­сы бир мекемелерге дубалап койгондой бек болуп олтуруп калат. Кыскасы аккан арыктан суу аркырап агып, бала бакыра, небере-чөбө­рөгө чейин уланып акканы аккан. Бек болуп жүрүп тагдырдын тамашасы менен бекер кал­ган айрым мурунку бектер, айласы кеткенде эл тарапка ооп, элдин чечилбей келаткан көй­гөйлөрүн чечкенге шымалана киришишет. 

Өзгөчө шайлоо болоордун алдында өпкөсү барлар өпкөсүн, жүрөгү барлар жүрөктөрүн эл үчүн шалпылдата чаап ташташат. Таң ка­лычтуусу ошол бек болуп турган маалда эмне ошол көйгөйдү көргөн жок. 
Сыягы бек болуп турган маалда көздөрүн булут каптап, анан бектиктен кеткенден ки­йин көздөрү умачтай ачылып эки жакты көрө баштайт окшобойбу. Бизде кокусунан өзү­нүн илим-билими менен келип бек болгон­дор жок. Жалаң бектердин аркасы менен бек болгондор. Анан алар бектерге кызмат кыл­баганда кимге кызмат кылат?! Ал бектер үчүн төшөсө төшөк болуп, чапса камчы болуп бе­ришет. 

Күнгө мээсин кактап, талаада арык чаап жүргөн дыйкандардын арыктарынан суу ак­пай, алардын балдары төгөрөктүн төрт бур­чунда тентип жүрүшөт. Ошол эле бектин балдарындай билимдери бар. Керек болсо эки-үчтөн дипломдору бар уул-кыздарыбыз саргарып чет өлкөдө жүрүшөт. Биздин өлкөнү жалаң гана бектер менен кошоматчылардын өлкөсү десе болот. Анткени кошоматчыларды бектер эзелтеден жакшы көрүшөт. Ал эми ко­шомат кылбай, бектерсиз эзели бек боло ал­байсың. Бек бекти алып келет. Ал бек өзүнүн жек-жааттарын алып келет. Ырас андай бол­гон соң коррупция менен кимдер күрөшөт? Баягы эле тааныш БЕКТЕР! Тааныш БЕТТЕР!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter