У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Курманжан Датка" фильмин казак ажосу мактады


"Курманжан датка" тасмасы казак ажосу Касым-Жомарт Токаевдин купулуна толду. Ал  казак тилин өнүктүрүү тууралуу "Эне тили" гезитине маек берип жатып кыргыз кинематографисттери 1,5 миллион долларга эле өтө маанилүү жана кызыктуу "Курманжан датка" тасмасын тарта алышканын, ал мактоого арзыганын айтты. 

Президент тилди өнүктүрүү боюнча коңшу мамлекеттерден үлгү катары ала турган нерселер көп экенине токтолду.

"Тилди жаңы муунга үйрөтүүдө кинематографтын ролу чоң. Мисалы, кыргызстандык кинематографисттер болгону 1,5 миллион долларга эле өтө маанилүү жана кызыктуу "Курманжан датка" тасмасын тартышты. Биздин кинематографисттер андан ого эле көп акча сурашат. Тилекке каршы, тасманын сапаты дайым эле каалагандай боло бербейт. Биздин кинематографисттер ички пикир келишпестикке кирип алып, бул нерсе жемиштүү иштөөгө терс таасир этип жатат", — деди Токаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter