У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эрте жанган жылдыздар


Шоу бизнеске аралашып камыр-жумур болуп кетүү өтө оор жана көп мээнетти талап кылган нерсе. Кээ бир таланттуулар өмүр боюу чыгармачыл чөйрөдө жүрсө да жылдызы жанып атактуу болуп кете албай жүргөндөрүн практика жүзүндө көрүп эле жүрөбүз. Ал эми айрымдары бала чагынан эле дүңгүрөп жылдызы жанып, атактуулуктун туу чокусуна чыгышат. Бул ирет дал ошол эрте жашынан атактуулукка жеткен жылдыздар тууралуу кеп кылмакчыбыз.



Кумар Асанов

“Кыргызстан ыйык мекен,
Кыргызстан койнуң кенен.
Кыргызстан, Кыргызстан,
Коргойбуз сени бек туруп”.
 
Жүрөктү толкундантып, мекенге болгон сүйүүңдү арттырган аталган чыгарма ырчы Кумар Асановду болуп көрбөгөндөй атактуулукка жеткирген. Али күнгө чейин аталган чыгарма кыргыз шоу бизнесинин бир канча өкүлдөрү тартабынан аткарылып келүүдө. Ошетсе да бул ырдын биринчи сабын уккан адамдын көз алдына дароо кичинекей Кумар тартылат.

Клара Алибекова

Клара Алибекованын аткаруусундагы “Кыргызымдын жигиттери”, “Классташым” аттуу ырларды кимдер гана билбейт. Бул ырлар кезинде ар бир үйдүн теле-радиолорунан жаңырып, Клара келет деген кайсы гана жер болбосун эңсеп күтүшөөр эле. Клара Алибековадан кийин “Кыргызымдын жигиттери” бир топ ырчылардын аткаруусунда жаңырды.Бирок баштапкы Клара аткарганчалык эч бир ырчынын аткаруусунда популярдуулукка жете алган жок. Алибекова кыргыз шоу бизнесиндеги бала кезинде жеткен атактуулардын сап башына турат.


Гүлмира Рысбаева

“Алло, алло, телефон” аттуу ыр жаңыраары менен көздөрү ботонукундай жайнаган, сүйкүмдүү кичинекей Гүлмира эске түшөт. Кезинде балдардын жана чоңдордун сүймөнчүлүгүнө арзыган Гүлмира Рысбаева чыгармачылыктан алыстап кеткенине көп болду. Бирок шоу дүйнөсүндө өзү аралашпаса дагы обондору кеңири аралап жүргөнүнө күбөбүз.

Анжелика

Чыгармачылыктын түмөн түйшүгүн эрте тартакандардын арасында Анжелика дагы бар. Кезинде Анжеликанын аткаруусундагы “Жөжөлөрүм” аттуу ыр бөбөктөрдүн эң сүйүктүү ыры болчу. Анжелика учурда кыргыз шоу бизнесиндеги эң таасирдүү айымга айланды. Чыгармачылыктан сырткары бизнес менен да ийгиликтүү алектенүүдө. Ал эми кичинекей Анжеликаны эстетип, анын өзүнө коендой окшош кыздары шоу дүйнөсүнө эрте аралышып келе жатышат.

Малика Дина

“Эжемдей сулуу болуп, чоңоем эми качан?” деп созолонто ырдап, чимире бийлеген сүйкүмдүү Малика учурда   булбулдай үнү менен көпчүлүктүн эң сүйүктүү ырчысына айланды.  Апасы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Динара Акулова Маликаны ар тараптан колдоп, таптап, мыкты ырчылардын катарына кошконун Малика ар дайым айтып келет. Ырчынын репертуарынданы бардык ырлар учурда өз күйөрманын таап жаткан убагы.

Сайкал Садыбакасова

“Кыз бурак” тобунун түйшүгүн жалгыз өзү тартып, аны менен катар өз чыгармачылыгын да ийгиликтүү жөнгө салып ырдап келе жаткан Сайкал Садыбакасова да чыгармачыл чөйрөгө эрте жашынан аралашкан. Чыгармачылыкка апасы, “Кыз Бурак” тобунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова аралаштырганы жамы журтка маалым.


Айгерим Расул кызы


Кыргыз эстрадасынын дагы бир жылдыздарынын бири Айгерим Расул кызы да атасы Расул Маматкуловдун жанында бийлеп жүрүп элге таанылган. Жылдар өтүп, баягы чимириле бийлеген кичинекей кыз суйкайган бийкечке айланып, көптөгөн хит ырларды жаратып келе жатат.


Даярдаган Нуркыз Рыскул кызы
 


Пикир калтыруу
  • cococ
  • 20-06-2023, 07:58
  • : 07:58
    • Нравится
    • 0
L'orologi è un accessorio importante nella vita di tutti i giorni. Non sorprende che la maggior parte delle persone cerchi orologi pratici ed eleganti. Gli orologi replica sono l'opzione perfetta per queste persone. Gli orologi replica sono repliche esatte di orologi classici e sono realizzati con materiali di alta qualità. Sono anche molto convenienti e offrono un'ampia varietà di stili.
orologi replica cinesi
replica Rolex Datejust
replica Breitling
replica Omega


  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter