У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жазуучулар Союзу экиге бөлүнөбү?

Өткөндө КТРКнын байкоочу кеңешине сырттан киши алып келебиз деп айрым адамдар коомчулукка президент­ти ыңгайсыз абалга калтырды. Эми ошол окуя дал өзүндөй кайра кайталанганы турат. Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскуловду "Өз каалоосу" менен кеткен­ге мажбурлап, аталган союздун эки-үч интриган мүчөсү атайын уюшуп алып, насили жакшы, адамдык парасаты бийик, бирок чыгармачылыгы калың элге жеткиликтүү сиңе элек Тынчтык Нурмамбетовду сүрөп жүрүшөт. Тынч­тык Нурмамбетов буга чейин ошол союзда иштеп, КТРКга атайын көрсөтүү уюштуруп, "залкар акын, укмуш жазуучу" деп өзүн көкөлөткөндөн башка эч иш кыла албады эле... 

Залкар акын деп өзүнө-өзү баа бергенин ыраматылык аалам алпы Айтматов көрсө кандай болмок... Айтматов да өзүн эч жерден "залкар" дедиртип мактатпады эле. Масе­ле башкада. Ушул учурга чейин Улуттук Жазуучулар сою­зуна мүчө 2-3 интриган адамдардан турган топ, кайсы бийлик келбесин анын атын сатып, аталган уюм­ду кароосуз жайга айлантып койгону жашыруун эмес. Эми болсо ошол эле топ, президент жа­на анын иниси Асылбек Жээнбековдун атын сатып, ар кайсы жерде ар кандай интригалар­ды уюштуруп жүрөт. Бизге жеткен маалымат боюнча бул уюшулган атайын топ бир эмес, бир нече жолу президент­тин инисине жана жакындарына кирүүгө аракет кылышкан. Тилек­ке каршы, президенттин жакын­дары бул топтон өздөрүн оолак кармагандыктан "кирип чык­тык" деп элдин башын айлан­тып жатышат. Интригандар, качан президенттин атын сатканды токтотосуңар!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter