У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Элзар Өскөнбаева, ырчы: “Кызым 4 айга толгондо эле кесиптештерим менен Ошко, Алайга гастролдоп баштагам...”


Аял заты үйдө бактылуу болсо коомдо да өз ордун кыйынчылыксыз табат деп коюшат эмеспи. Чынында эле бул сөздүн терең мааниси бар. Үй-бүлөсү колдоп турса, балдары бакыт тартуулап турса өзгөчө чыгармачыл айымдар ар тараптан өркүндөп өсөт эмеспи. Үй-бүлөнү, чыгармачылыкты бирдей алып бара жаткан, жакында эле үчүнчү наристесин жарык дүйнөгө алып келип бала жытына магдырап жүргөн Элзар Өскөнбаева менен маек курдук.


- Элзар эже, бешик бооңуздар бекем болсун. 3 баланын энеси болуп, тун уулуңуздагыдай болбой тажрыйбалуу эне болуп калыптырсызбы?
Чоң рахмат. Ооба,   буюрса тажрыйбалуу болуп калдым окшойт. Биринчи уулумда көп нерсени билбей, балам ыйлап же бир аз ичи ооруп калса аябай коркуп эмне кылаарымды билбей калчумун. Азыр эми кудайга шүгүр оюм да, боюм да токтолуп дегендей  баштагыдай алдастабай калдым. Тун уулумду 26 жашыма төрөгөм. 26 жаш менен 32 жаштын айырмасы деле болот экен да. (күлүп)
- Кичинекей кызыңызды көтөрүп алып жер кыдырып ырдап жүргөнүңүздү көрүп баа бердим эле. Бала менен алыска чыгуу, ырдоо оор эле болсо керек? 
Ооба 4-5 айынан тартып «Эстебес» тобу менен Ошко, Алайга гастролдоп баштагам. Биз менен иштеген Эл артисттери илгери балдарыбызды сахнанын артынан эмизип эле араба менен жер кыдырчубуз дешкенинен макул болуп, алдыбызда учак, даяр жалаяк бар деп чыгып кеттик. (күлүп) Өтө кыйын учурлар деле болгон жок кудайга шүгүр, себеби жаныбызда жардамчы кыздарыбыз менен жүрөбүз. Кудай кут кылсын элибизге кызмат кылып, өнөрүбүздү тартуулап келе жатабыз. 


- Кандай кожойкесиз? Кайсы тамагыңызды бүт үй-бүлөңүз күтүп, суранып жешет?
Колдон келишинче мен дагы башка айымдар сыяктуу жакшы кожойке болгонго аракет кылам. Камыр кошулган тамактардын баарын жакшы эле жазайм. Жолдошум чымчыма, манты анан эт салганда нарындын камырын жазачы деп калат. Нарындын камыры дегенибиз кадимки колго калын жайылган тегерек камыр. (күлүп)


-  Кайын журтуңуз ырчы келин деп өзгөчө сый мамиле кылса керек?
Кудайга шүгүр баш кошконубузга быйыл жети жыл болду. Аябай сый мамиледебиз. Чынын айтыш керек, абдан колдоп турушат. Кайын журтумдун мындай сыйына мен да татыктуу болгонго жан үрөп, аракеттенем. Колумдан келген сыйымды көрсөтүп, кызматын кылайын деп турам. Бардык келиндериндей эле эл катары кызмат кылам. Бирок баары бир өзгөчө мамиле кылып, ырчы келин деп тергеп коюшат.
Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter