У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азиз Биймырза уулу, манасчы, алып баруучу: “Дин менен Манас ааламын карама-каршы кароо туура эмес...”

        
 
Азиз Биймырза уулу 1996-жылдын 16-сентябрында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн. Алакчын уруусунун Кубатбек уругунан.Кыргыз улуттук “Манас Ордо” Комплексинин “Манас таануу” мектебинин бүтүрүүчусү. 2003-жылы Кең-Арал айылындагы А.Арстанов орто мектебинин башталгыч классынын босогосун аттаган.2009-2013-жылдар аралыгында терендетилген билим алуу максатында Талас шаарындагы “Манас Ата – Себат” Кыргыз-Түрк балдар лицейинде окуган. Орто билимди кайрадан айылындагы А.Арстанов орто мектебинен улантып 2014-жылы  артыкчылык менен  бүтүргөн. 2015-жылдын аягынан бери Коомдук телерадио берүү корпорациясында алып баруучу, 2016-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрында манасчы болуп эмгектенип келет.  
 
- Азиз, Манасты аян алып айтуучулардансыңбы же тек гана манасчылыкка болгон сүйүүңдөн, кызыгууңдан уламбы?
- Манасчылык өнөркананын өзүнө тиешелүү бир аксиома бар, ал аксиома "аян болбосо, баян болбойт" дегендей сөзсүз түрдө ошол улуу дүйнөдөн уруксат катары берилген жолдомо катары ошол дүйнөнү сүйгөн, ошол дүйнөгө кызыккан адамга аян берилет. Мен 7 жашымдан баштап жаттап  Манас айтып баштадым, 14 жашымда касиеттүү Манас ордодон аян алгам. 15жашымда Уркаш Мамбеталиев атаны көрдүм түшүмдө. Андан башка дагы көп эле сырлар болот ушул өнөргө тиешелүү бирок алар манасчынын  белги сыры болгондуктан эл билиши шарт эмес деп ойлойм.


-  Жаш муундарга Манас эпосун таанытууда эбегейсиз эмгек кылып келесиң. Мындай жоопкерчиликтүү долбоорду кантип алып барып калгансың, алгач сунуш түшкөндө сүрдөсөң керек?
Ооба, «Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашын 5 жылдан бери алып барып жатам. Албетте чоң жоопкерчилик, дегеним бүгүнкү ааламдашуу доорунда биздин улуттун иденттүүлүгүн аныктаган жападан жалгыз, улуттун руханий дөөлөтту болгон Манас эпосун өсүп келе жаткан жаш муундарга жеткизүү биздин негизги милдет. Ошол чоң жоопкерчиликти аркалап жатам. Алып барып калышыма деле ушул манасчылык өнөрүм түрткү болду. Биздин жетекчибиз "Баластан" каналынын продюсери Кундуз Аманова кастинг жарыялап ошол кастингге катыш деди, катыштып көрдүм. Тандоодон өтүп кетиптирмин. Кызыгы кастингден өткөнүмдү Индиянын Газиабад шаарында фестивалда жүрүп уккам. Аябай толкундангам, кубангам жана албетте сүрдөгөм.


- Эпизоддордун баарын туура, так айтууң кажет эмеспи, ар бир эфир алдында толук даярданып, окуп чыгасыңбы?
- Манас айтууда өтө кылдаттык керек, себеби бир эле учурда чоң тарых, улутту улут катары кармап турган чоң дүйнөнү козгоп жаткандан кийин ар бир эпизодго тактык керек. Ал эми эфир алдында сөзсүз чоң даярдык, түмөн түйшүк тартып даярданабыз. Сөзсүз окуп чыгам, бирок текстти өзүм жазгандыгым үчүн көп кыйынчылык деле болбойт.

Манасчылыкты дин менен алмаштырып, дарегиңе ар түрдүү сын айткандар болду беле? Сенин мындай пикирлерге жообуң?
Ооба болгон, жадатышкан. Бирок менин көргөн сырларым, аяндарым дин менен тыгыз байланышта. Устатым дагы Ислам баалуулуктарын карманган адам. Башка өнөрпоздордой болуп бул темада өтө чоң деле талашка түшкөн жокпуз. Жеке менин пикирим Манас дүйнөсү өтө кеңири улуу дүйнө, Бул айкөл атабыздын ааламы динге каршы эмес. Тескерисинче бири-бирин толуктаган керемет баалуулуктар деп ойлойм. Дин менен Манас ааламын карама-каршы кароо туура эмес деп билем.

Маек курган Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter