У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Батырбек Дуулатов: "Элмирбекти маданий мурастардын олигархы десе болот"


Мени Элмирбек тааныбайт деле болчу, бирок мен үчүн Элмирбек өтө жакын бир тууган инимдей көрүнчү. Акындын ырларын окуганда, теледен өзгөчө өзү окуганда, сабалап төккөндөрүн, санат ырларын укканда, омоктуу терең ой-толгоолорун укканда, ал менин агамдай, кудай өзү кечирсин, кээде атамдай көрүнүп кетчү. Анткени мен Элмирбектин образы аркылуу кыргыздын залкарларын – Эшмамбетти, Токтогулду, Калыкты, Жеңижокту, кийинкилерден Эстебести, Тууганбайды жана башкаларды элестетчү окшойм. 
Элмирбек дүйнөдөн кайтыптыр деген кабарды укканда алгач ишене албай, дүйнөм аңтарылып, жасап аткан жумушумду токтотконго аргасыз болдум. Үйгө кирип эле интернетти ачып, эмне болуп кетти деген суроого жооп издей баштадым. Эмнегедир кийинчерээк Элмирбек көрүнбөй кеткен, көрсө ошондо эле ооруп жүргөн окшойт. Эгерде достору, жакындары, дегеле Маданият министрлиги эртерээк коңгуроо кагып, оорусун алдын алып, учурдагы апаатка карабай, бул жакта болбосо Европага, Кытайга алып барып, Элмирбек уулубузду өлүмдөн алып калганга болот эле го деген ойдо калдым. Бул менин жекече оюм. Ал эми шум ажал жаш-карыны карабайт экен, арабыздан Элмирбек акынды алып кетти. Кыргыз эли, кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады, ар бир кыргыз үй-бүлө өзүнүн жакынын жоготкондой болду. Ушуга байланыштуу кыраан, залкар уулунан ажыраган кыргыз элиме, Элмирбектин жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам.   

СССР кулап, кыргыз эгемендүүлүк алгандан кийин кыргыздын улут катары жоголуп кетүү коркунучу бар эле. Элмирбектин жетилген  чагы, ошол 90-жылдардагы өткөөл мезгилге туш болуптур. Ошого карабастан, бул жаш бала белин бекем бууп, акчанын артынан кетпей, төкмөлүк өнөрдү аркалап, кыргыздын нукура, улутту улут катары сактап келе жаткан оозеки чыгармачылыгын туу тутуп, мүңкүрөп турган элде патриоттук сезим ойготуп, мамлекеттүүлүктү түптөгөндөрдүн арасында болду десем жаңылышпаймын.
Элмирбек көз жумгандан бери, ал катышкан айтыштар, ырлары, берген интервьюлары, теледен  байма-бай  көрсөтүлүп, аларды угуп жана интернеттен акын жөнүндөгү маалыматтарды окуп, өзүнүн Кетмен-Төбөнүн Чоңко айлындагы балалык кезинен тартып кийинки кездерге чейинки  жазгандарын окуп, өзгөчө рахат алдым. Эми биздин мамлекеттин жана маданият министрлигин милдети - Элмирбектин ырларын, кол жазмаларын томдолгон китептер кылып чыгаруу.

Элмирбектин байлыгы – бул анын үйү, машинеси же башкасы эмес, анын байлыгы – анын жазган ырлары, сабалап төккөн ырлары, айткан санаттары, дастандары, эпостору, асыл ойлору жана чыгарган обондору. Бул жаатта Элмирбекти маданий мурастардын олигархы десе болот. Бир тыйынын эсептеген тигил олигархтардан айырмаланып, Элмирбек байлыгын бүт кыргыз элине тегиз чачты, анын айткандары, ырлары ар бир кыргыздын, ал түгүл боордош элдердин жүрөгүнөн орун алды. Демек, Элмирбек өлгөн жок, шакирттери, достору анын аягына чыга албай калган жумуштарын улап кетишет деген терең үмүт бар!

Эми өзүм жөнүндө айтсам, алтымышка келип калганым менен бир-эки жылдан бери ырларды жаза коюмуш болуп жүрөм. Элмирбек менен жеке тааныш болбогонума чындап өкүнөм, илгери 2000-жылдары, ал жаңы чыгып жүргөндө Гүлбү экөөнү бир кафеден жолуктуруп, колун кармаганым эсимде. 2014-жылы болгон кыргыз-казак айтышында, филармония залынын экинчи катарында,  жюринин артында отуруп, так маңдайынан Элмирбектин жеңишин өз көзүм менен көрүп, өз кулагым менен укканыма да сыймыктанам. Ал эми акындын “Төкмө келсе төр бошот” деген автордук көрсөтүүсүн үзбөй көрүп келдим. Ошол шоу дейбизби, көрсөтүүсүндө шакирттерине бир тамгадан (экинчиси тамга үндүү болсо, ал дагы сөзсүз дал келиш керек) башталган саптар менен ырдагыла деп тапшырма берер эле. Мунун адабий аталышы да бар экен, айтты эле, эсте жок. Мындай жол менен ырдаганда, саптар уккулуктуу болуп, көркүнө келе түшөт, ал эми жазылганда, айтпаса да түшүнүктүү.

Ооба, эски залкар төкмө акындар ушундай ырдашчу, бир ойду, бир кайрыкты бир тамга менен баштап бүтүрүшчү, чынында төгүү учурунда башынан аягына чейин андай кылууга дээрлик мүмкүн эмес. Бул жагдайды адабияттан түшүнүгү бар, ыр сүйүүчүлөр жакшы билишет жана учурдагы акындар, төкмөлөр колдонушат. Мен дагы Элмирбектин элесине арнап, жалаң “Э” тамгасы менен башталган, сегиз саптан турган ыр түрмөктөрүн жаздым. Кандай чыкты, аны окурмандардын ортосуна салам. Эгерде, балким кээ бир саптарым менен Элмирбек инимдин элесине көлөкө түшүрүп алсам, баарыңыздардан алдын-ала кечирим сурайм! Анда эмесе, төмөнкү ыр саптарын окуп коюңуздар!


Элмирбектин элесине

Элиңе берчү жарыкты,
Элмирбек элең шам күйгөн!
Эшиттим шам өчтү деп,
Эңшерилди жан дүйнөм!
Экинчи дүйнө бар дешет,
Эч ким аны көрбөгөн,
Эрте сени алып кеткен,
Эмирең калсын ал дүйнөң!

Элмирбек агып кеттиңби,
Эркин аккан суулардай?!
Эмне үчүн тиги дүйнө деп,
Энтиктиң бирөө куугандай?!
Эрте балам келдиң деп,
Эчкирип ыйлап жаткандыр,
Эки бирдей устатың,
Эстебес менен Тууганбай!

Эшмамбет тагаң көрдүбү,
Элмирбек, сендей күлгүнүн?!
Эне-атаңдын ал жакта,
Эңшерилттиң түндүгүн!
Экөө тең ыйлап, ал эми,
Эки кызга көз салбай,
Эмнеге мында келдиң деп,
Эси ооду го Гүлбүнүн?!

Этиң азып илдеттен,
Эзилипсиң дарман жок!
Эл башчылар өзүңдөн,
Эмнеге кабар алган жок?!
Эл өкүл болгон досторуң,
Элмикем ооруп атат деп,
Эмчи издеп чет элге,
Эмне үчүн алып барган жок?!

Эң эле кыска жашоодо,
Эңсегенге жеттиңби?
Эч кимге, же билгизбей,
Эзилип азап чектиңби?
Этибар албай ооруну,
Элим-жерим деп жүрүп,
Эми эле кырктан ашканда,
Элмирбек, күйүп кеттиңби?!

Элеттен чыккан булбулум,
Эл сүйүнсө сүйүнгөн!
Эркин ырдап көйгөйдү,
Эл менен кошо күйүнгөн!
Элита үйүң жок экен,
Эл чыгарды сөөгүңдү,
Этаждагы үч комнат,
Эскирген панель үйүңдөн!

Элге берген сүйүүңдү,
Эки эсе берет эл сага!
Эч коркпостон жүрүштү,
Эпидемия делсе да!
Элмирбек өзүң сездиң го,
Элиң салмак топурак,
Эң күчтүү деп аталган,
Эбола вирус келсе да!

Эл артисти болсоң да,
Эпсиз ишке барбадың!
Эптүүлөр жасап жаткандай,
Эки-үчтөн там салбадың!
Эки жүз доллар он мунот,
Элмирбек төкмө аш-тойдо,
Элирип ырдап жүрөт деп,
Элестете албадым!

Элиң турат кайышып,
Эмгиче жашы басылбай!
Эмне дейбиз, кетти го,
Эчен ырлар жазылбай!
Элдик өнөрпоздорду,
Эгерде койсок катарга,
Элмирбек, бийик болчусуң,
Эйфелдин мунарасындай!

Элиң укса ырыңды,
Элеси келеер тирүүнүн!
Элмирбек обондоруңда,
Эпкини жүрөт күйүүнүн!
Эчен обон жараттың,
Эмне деген шедевр,
Элиң сүйгөн Булбулум,
Эталон ыры сүйүүнүн!

Эргип ойдун асылын,
Элиңе такай айтыпсың!
Эл моокумун кандырып,
Эчендер менен айтыштың!
Эгиз эл кыргыз, казак деп,
Эл аралык деңгээлде,
Элмирбек, сен көрсөттүң,
Этикасын айтыштын! 

Элмирбек кеттиң, айла жок,
Ээлейт го бирөө төрүндү!
Эстесем көздөн жаш кетет,
Эл менен жазып чериңди!
Эң ортодо олтуруп,
Эки-экиден ырдатып,
Эфирден дайым чыкчу элең,
Ээрчитип шакирттериңди!

Элмирбек өзүң төккөндө,
Элиңде болчу салтанат!
Элиңдин чери жазылчу,
Эфирден берсе кайталап!
Эшмамбет менен Токтогул,
Эки акындын санатын,
Эч бир сөзүн кемитпей,
Эми ким сендей айта алат?!

Эс тарткандан булбулум,
Элим деп башың сайгансың!
Эсирген бийлик өзүңдүн,
Этегиңен айлансын!
Элим ук, келчү шайлоодо,
Элмирбек айткан керээз бул,
Эргулдар эмес акчалуу,
Эстүү жандар шайлансын!

Эрмегинен айрылган,
Элдин айттым арманын!
Элиңе болоор ыраазы,
Элмир сенин арбагың!
Эми, калган артыңда,
Эрезеге жетишип,
Энесинин жанында,
Эсен болсун балдарың!

Эстелигиң ырларың,
Эстеп сени жүрөлүк!
Эл баатыры аталдың,
Элиң берет күбөлүк!
Эркин жашай албаган
Элиталар кетишет,
Эл оозунда айтылып,
Элмирбек жашайт түбөлүк!!!

Дуулатов Батырбек
Бишкек шаары, 13.05.2020.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter