У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Талант Кадыров сынчыларга нааразы


Талант Кадыров Айя Садырова менен дует ырдап чыккан күндөн бери социалдык тармактарда талкуунун аягы сууй элек. Сөз деген сөөккө жетет эмеспи, кулак укса курсак кайнайт дейт. Өйдө-төмөн айтылган сындарга ырчы жакында жооп узатты.

"Эмнеден баштаарымды билбейм,бирок оюмда эмне болсо жаза берейин! Орустарда жакшы сөз бар,(Счастья любит тишину) Үй-бүлөмдө баары тынч жана жакшы болушу үчүн, менин оюмча менин жумушума байланыштуу,бала-чакамды жана келинчегимди өздүк баракчама жана башка социалдык тармактарга чыгаргым келбейт! Кээ бириңиздер жазасыздар,келинчегиңе жалко, ага күч-кубат берсин же она для тебя не достойна дегендерге мындай жооп! Сен өз оокатңды кыл,турмуш арабаңды түртүп,бирөөнүн үй-бүлөсүнө мурдуңду тыкпай жөн жашай берчи макулбу!? Же кыларга ишиң жокпу? Кудайга шүгүр,ушундай жар мага буйруганга, силердейден сактаганга..Менин балдарым менин бактымда ден-соолугу бек жана биз менен бактылуу болсун! Силерге окшогон бузукуларга кантип жеткирем билбейм, бирок Кудайым ынсап берсин баарыныздарга! Омин! Бул сөз бирөөнүн үй-бүлөсүнө мурдун тыккандарга гана тиешелуу! Мен келинчегиме күн-түн уктабай, айлап-жылдап чуркап жүрүп жеткем,ушул күнгө чейин кандай кана ийгиликтерге жетпейин, мунун баарына бирден бир салымын кошкон менин түбөлүк жарым.   Мен ката жазсам же катуу тийсем кечирим сурайм,суранам менин үй-бүлөмө кызыкпай мындан кийин ашыкча  сөз жазбагылачы. Мен үй-бүлөм менен бактылуумун! Сиздер дагы бактылуу болуңуздар."




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter