У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалдагы балдар ооруканасындагы балдардан, энелерден, кызматкерлерден вирус табылды

 Бишкек шаарындагы «Жал» кичирайонунда жайгашкан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Гематология бөлүмүндө дарыланып жаткан бир нече баладан, аларды карап жаткан ата-энелерден, эки кызматкерден коронавирус илдети аныкталы. Бул тууралуу 7-майда онлайн брифингде Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
 
"17-24-апрелде бир бала ооруп, апасы менен ооруканага жатып чыккан.  Ооруканадан чыккандан кийин бир нече күн Бишкекте болушкан. Андан кийин  Тогуз-Торо районуна кетишкен. Тогуз-Торого барганда алдын ала текшерүү учурунда алардан коронавирус табылган. Бул маалымат бизге берилген, Гематология бөлүмүндө эпидемияга каршы бардык тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. Ошол кезде иштеген жана дарылангандар толук текшерүүдөн өттү. Жыйынтыгында  дагы жети адамдан вирус табылып, алар Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган. Алардын экөө бөлүмдүн кызматкери, балдар жана аларды карап жаткан үч энеден вирус табылды»,-деди Үсөнбаев. 
 
Ошондой эле ал, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Гематология бөлүмү жаӊы бейтаптарды кабыл алууну токтотконун, ошол кезде иштеген кызматкерлердин баары обсервацияда экенин, жаңы бейтаптар башка ооруканаларга жаткырылып жатканын кошумчалады.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter