У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ӨКМ: "Кайрадан сел жүрүшү мүмкүн..."


Тилекке каршы Кыргызстандын айрым аймактарында кайрадан сел жүрүшү күтүлөт. Тактап айтканда  6-7-майда Кыргызстанда нөшөрлөп жаан жаап, өлкөнүн түштүк аймактарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал.  Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

"Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр да жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт. Нөшөрлүү жамгырдан өлкөнүн түштүк аймактарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал", — деп айтылат маалыматта

Күтүлгөн туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатары айтылды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter