У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектин борборунда, көп жаңы конуштарда коронавирус бар, сак болуу керек!


Блокпосттор алынды деп кубанганыбыз менен Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда коронавирус боюнча абал оор бойдон калууда. Бул тууралуу шаар мэри Азиз Суракматов брифинг учурунда билдирди. Мэрдин айтымында, борбордо вирус жуктургандардын саны 183 болсо, анын 43ү жаңы конуштарда жашайт.

"47 жаңы конуштун ичинен 14 конуштан жаман вирус жуктургандар табылды" дейт Суракматов.
Алар:
  • Арча-Бешик конушу — 16;
  • Ак-Өргө конушу — 3;
  • Көлмө конушу — 7;
  • Ак-Босого конушу — 6;
  • Керамическая конушу — 2;
  • Ак-Ордо конушу — 1;
  • Ынтымак конушу — 1;
  • Кара-Жыгач конушу — 1;
  • Алтын-Ордо конушу — 1;
  • Көк-Жар конушу — 1;
  • Касым конушу — 1;
  • Мурас-Ордо конушу — 1;
  • Тынчтык конушу — 1;
  • Учкун конушу — 1.
Бул конуштардын тургундары өздөрү көзөмөл кылып, санитардык постторду коюп алышкан. Ал жакта райондук администрация менен Саламаттык сактоо башкармалыктары иштеп жатканы айтылды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter