У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Быйыл "Өлбөс полк» акциясы онлайн форматта өтөт


Дүйнө жүзү боюнча түзүлгөн кыйчалыш кырдаалдан улам быйыл Кыргызстанда  «Өлбөс полк» акциясы онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө 9-Майга карата уюштурулган «Өлбөс полк» акциясы 2014-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө.

«Акция Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана алардын өлбөс-өчпөс эрдиктерин эстеп жүрүүгө чакырат. Кыргызстанда «Өлбөс полк» акциясы алгачкы ирет 2014-жылы Ош шаарында өткөрүлгөн. 2015-жылы жүрүшкө Бишкек шаары дагы кошулган. Бишкек шаарында 2015-жылы 70 жылдыкта жүрүшкө 3 миңге жакын адам катышкан. 2016-жылы 25-26 миңге жакын катышуучу болгон. 2017-жылы акцияга 30-35 миңге жакын адам катыша алган. 2018-жылы жүрүшкө 40-45 миң адам чыккан. Ал эми 2019-жылы жүрүшкө 50 миңден ашык киши катышкан. Былтыр жүрүш Кыргызстандын бардык шаар жана айыл-кыштактарында өткөрүлгөн», — деп билдирет министрлик.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter