У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Окумуштуулар коронавирус илдетин жеӊүүнүн жалгыз жолу- эмдөөдөн өтүү экендигин айтышты

Окумуштуулар коронавирус илдетин жеӊүүнүн жалгыз жолу вируска каршы эмдөөдөн өтүү экендигин айтышты. Алар мындай жыйынтыкка көп убакыттан бери жүргүзүп келе жаткан изилдөөлөрүнүн негизинде келишкен. Алардын билдирүүсү Science Alert порталында жарыяланганын РИА Новости жазды.   

Иммунологдор коронавирус менен ооруган адамдын  иммунитети алсыз болуп, ооруларга туруштук бере албай тургандыгын айтышат. Себеби көп өлкөлөрдө коронавирус илдетинен айыгып чыккан адамдардан кайра вирус табылганы аныкталган.   
 
«Адамдын организмде вируска каршы жетиштүү антитела топтолушу үчүн үч жумага жакын убакыт талап кылынат. Бирок топтолгон антитела ден соолукту бир нече ай гана коргой алат», -дейт профессор Эрик Вивер. 
 
«Коронавирус илдети менен ооруган адамдардын организминен вирус биртоло жок болуп кетпей, ошол эле учурда эч кандай симптомдорун билдирбей «өнөкөт инфекция» сыяктуу адамдын организминде жашай бериши мүмкүн. Ошондуктан жакынкы убакта вирус өзүнөн өзү жок болуп кетет деп айтуу кыйын. Вируска каршы туруунун жалгыз жолу - эмдөөдөн өтүү» -дешет адистер. 
 
«Эпидемия көйгөйлөрүн чечүүнүн бирден- бир жолу сапатуу - вакцина»- деп билдирет Австралиянын илим изилдөө институтунун профессору Арчи Клементс.  
 
COVID-19 вирусу дүйнөнү дээрлик каптады. Соңку маалыматтар боюнча, ага эки жарым миллион адам чалдыгып, 160 миңден ашыгы каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter