У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынан 17 адам айыгып чыкты

 
Бүгүн, 22-апрелде Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынан 17 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев билдирди. 
 
“Бизде жакшы кабар бар. Ооруган жарандарыбыз айыгып үйүнө чыгышууда. Бүгүн да 17 бейтапты чыгарып жатабыз. Алардын кайра текшерүүгө алган анализдери таза чыкты. 17 бейтаптын жетөө дарыгерлер”,- деди ал. 
 
Маалыматка ылайык, учурда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында жүздөн ашуун бейтап дарыланууда. Анын ичинен 5 адам реанимацияда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter