У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мэрияда бала бакчалардын тамак-ашын ата-энелер төлөсүн деген сунуш айтылды

 
Бишкек шаарынын мэриясы бала бакчалардын тамак-ашын ата-энелерге өткөрүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу спикер Куванычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңештин сессиясында билдирди.
 
Анын айтканына караганда, учурда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тамак-ашына сарпталган каражаттын жарымын муниципалитет, жарымын ата -энелер төлөйт. 
 
" Сөз мектепке чейинки билим берүү уюмдары туурасында болуп жатат. Балким, биз бул саясий чечим кабыл алышыбыз керек. Бала бакчалардын тамак-ашын толугу менен ата-энелерге өткөрүп берүүгө мезгил келдиби?  Азыр муниципалитет жарымын төлөйт. Ал жерде кандай баш аламандык болуп жатканын баарыбыз билебиз", - деди Конгантиев.
 
Ошондой эле ал, азыркы күндө мектепке чейинки жана башталгыч класстардын окуучуларынын тамак-ашына 900 миллион сомго жакын каражат жумшала турганын, бирок эч кандай көзөмөл болбой жатканын айтып, Бишкек шаардык мэриясын бул сунушту карап чыгууга чакырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter