У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Төрөгөн апам башка экенин билип калдым, бирок апама эч качан айта албайм...”

 
“Апам мени жалгыз бой өстүргөн...”
Мен апамдын таянаар жалгыз эле тирегимин. Бир туугандарым жок. Апам мени өзү жалгыз асырап өстүрдү. Мен союз тараган маалда төрөлгөндүгүмдөн апам көп кыйынчылыкты башынан өткөргөнүн айтып калат. Апам менин көз алдымда иштеген, эч качан бош убактысы жок, дайыма кайдадыр чуркап шашып жүргөн адам боюнча сакталып калат. Жаштайынан эле көп түйшүктү жонуна артып алган. Айылдагы бир туугандары, ата-энеси апамды абдан сыйлап турушат. Анткени апам ар дайым алар үчүн жанын сууруп берүүгө даяр. Бир туугандарынын бардыгын бутуна тургузган да апам. Апам Иркутс шаарына барып-келип көп жыл иштеди. Союз тараганда эле соода багытына өтүп кетиптир. Мени колтугуна кысып алып поездден поездге түшүп жүк ташып иштеп жүрөөр эле. Окуу башталганда тай энем менен калчумун. Иркутс шаарында бир бөлмөлүү батирибиз бар. Апам экөөбүз Орусиянын да, Кыргызстандын да жараныбыз. Апамды ушунчалык жакшы көрөм, менин келечегим үчүн кам көрөм деп убагында Орусияга ташып бара жаткан товарларын чек арадан өткөрөөрдө вагондордон ыргытып, товардын артынан өзү кошо секирип кеткен күндөрү болуптур. Себеби мыйзамсыз ташылган товарлар үчүн соодагерлер катуу жазага алынчу экен. Жаш кезин эстесе мукактанып кетет.


“Апам жалгыз бой болгону менен хандай жашайт...”
Тынымсыз иштеген адам ийгиликке жетээрин апамдан көрүп өстүм. Бой тартканы мен да апам менен чогуу Орусияга товар ташып иштеп келе жатам. Бишкектин чок ортосунан 5 бөлмөлүү 2 батир алганбыз. Эски үйлөрдөн 2 бөлмөлүү батир алып, тай эжемдерге бердик. Апам качан үйлөнүп мени келиндүү кылып жыргатасың, ушинтип эле талаалап жүрүп өмүрүм өтмөй болду го деп көп айтат. Кудайга шүгүр унаа, үй, акчадан кем эмесмин. Менде бардыгы бар. Апам жакшы мектепте окутту. Мыкты деген жогорку окуу жайдан билим алдырды. Бирок өз кесибим менен иштөөдөн өзүм баш тарттым. Себеби Кыргызстандагы айлыкты карап жашоо кызыксыз. Биз жер кыдырып, барандуу акча таап калганга биздин өлкөнүн маянасына анчейин алымсынбай калыптырбыз. 


Апамдын мени төрөбөгөнүн жакында эле билдим...”
Бир күнү адаттагыдай эле товар жүктөп жатсак бир аял айланчыктап такыр жаныбыздан кетпей койду. Апам Иркутскта болчу. Дос балдарым бул аял кимди мынча акмалап жүрөт деп таң калып жатышкан. Мен ага анча деле көңүл бурбаптырмын. Түш ооп калган маалда баягы аял басып келип мага конверт берип, шашпай окушумду суранып кетип калды. Апамдын кардарларынын бири болсо керек деп конвертти унаага салып коюп ишимди уланта бердим. Товарды кетирип, үйгө келип баягы конвертти карап көргүм келди. Ачсам 2 барак толгон кат... Катты окуп алып башымдан ылдый  муздак суу куюп жибергендей нес боло түштүм. Аябай чарчап келгем, тез эле уйкум умачтай ачыла түштү. Катта мени ушунча даражага жеткирген апам мени төрөбөгөндүгү,төрөгөн апам башка аял экендиги жазылыптыр. Менден аябай кечирим сурап, убагында турмуштан жаңылып, мени апама тартуу кылганга аргасыз болгонун жазыптыр. Апам мени канчалык асырап өстүрбөсүн өз апам кандай адам болду экен деген ой мени аябай тынчсыздандырды. Эмнегедир ал аялды жек көрүп турсам да бир жолу көргүм келип жатты. Каттын аягында номери, дареги жазылыптыр. Дароо эле барууну ойлондум. Бирок апамды кыя алган жокмун. Буулугуп бир топко чейин эркек башым менен ыйладым. Апам экөөбүздүн баскан жолубуз, тарткан азаптарыбыз, апамдын мени жонуна көтөрүп, килейген баштыктарды колуна көтөрүп жүрүп ушул даражага жеткиргени көз алдыма тартылды. Баягы катты окуганыма өкүндүм. Номерди, даректи эстеп калбайын деп жанталашып катты өрттөп салдым. Мени азап менен өстүргөн апамды кантип жан багыш үчүн акчага сатып ийген адамга алмаштырам? Аны көргүм келсе да өз эркимди тыйып, баягы каттын күлүп сууга агызып таштадым. Эртеси дароо эле Иркутскка сапар алдым. Апамдын алдында өзүмдү күнөөлүү сезип бара жаттым. Апам мени күтпөсө керек, кирип барсам абдан таң калды. Кирип эле бутуна жыгылып, ушул даражага жеткиргенине миң мертебе ырахматымды айтып шолоктоп ыйлап жаттым. Апам тынчсызданып эмне болгонун сурап жатты. Эч нерсе айткан жокмун. Тек гана түшүмдө кайтыш болуп калыптырсыз, өмүрүңүз узун болот окшойт деп жооткоттум. Апама эч качан ал мени төрөбөгөндүгүн айта албайм. Менин апам бирөө эле...
Фабула Пресс
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter