У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникалар тапшырылды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жаңы атайын техникаларды тапшырды.
 
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылды.
 
 «Глобалдык шарттар, климаттын кескин өзгөрүшү күтүүсүз табигый жана техногендик кырсыктарга алып келүүдө. Мунун баары бизден жаратылыш кырсыктарын, мүмкүн болгон башка тобокелдиктерди алдын алууга, кесепеттерин жоюуга колдо болгон күч-аракетерди арттырууну, көбөйтүүнү, жаңылоону талап кылат», - деди Садыр Жапаров. 
 
Бир жыл мурун куткаруучулар заманбап өрт өчүрүүчү машиналар жана атайын инженердик оор техникалар менен камсыз болгон. Бул жолу жаӊы техникаларды сатып алууга республикалык бюджеттин эсебинен 384 миллион 140 миң бөлүнгөн.
 
Ошондой эле президент ушул жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 752 миллион 212 миң сомго дагы 1 тик учак сатып алуу пландалып жатканын билдирди. 
 
Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 1 миллион 23 миң 480 долларга 10 даана жол тандабас пикап автоунаалары, 1 даана кичи автобус, 11 даана инженердик оор техникалар алынды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter