У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эртеӊ мектеп директорлорунун бош орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү башталат


 Эртең Кыргызстанда мектеп директорлорунун бош орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, директорлордун сынагы 11-августта Баткен жана Жала-Абад облустарында башталат. 
 
«2022-жылдын 11-августунда Баткен жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөө башталат.
Баткен облусунда – 98, Жалал-Абад облусунда – 158 ваканттык орун бар.
Тестирлөө Билимдин сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору тарабынан өткөрүлөт.
Процесстин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн көз карандысыз коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө байкоо жүргүзүү жана телеканалдардын катышуусу менен социалдык тармактарда компьютердик тестирлөөнү түз алып көрсөтүү пландаштырылууда», — деп айтылат маалыматта. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter