У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалал-Абадда тамактан 23 киши ууланды


Жалал-Абад шаарындагы тез татымдардын биринен шаурма жегенден кийин өзүн начар сезгендер 28-июнда оорукана кайрыла баштаган.

30-июнда уулангандардын саны 23кө жеткенин облустук биргелешкен оорукананын башкы дарыгери Кумар Ботокараев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, тез татымдан ууланып ооруканага кайрылгандардын абалы туруктуу, дары-дармектер жетиштүү. Жапырт уулануу боюнча тиешелүү кызматтарга кабар берилип, иштер жүрүп жатат.

Тамактануу жайынын ээлери комментарий бере элек.

Май айында Сүлүктү шаарындагы тойдо 32 адам, Ош шаарында татуу токочтордон отуз адам ууланып, ооруканага түшкөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter