У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сузактагы сабалган окуучу кыздын энеси окуя тууралуу айтты…


Сузак районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин мугалими Мээримгүл Эргешбаева тарабынан сабалган окуучу кыздын энеси маалымат каражаттарына окуянын чоо-жайы тууралуу айтып берди.

- 23-майда биринчи күнү кызым окууга кеткен. Окуудан келгенде, сөйкөсү сынып, бети кызарып келген. Мен ага анча көӊүл деле бурган эмесмин. Анан кошуна чыгып айтты, «кызыӊыз жакшыбы» деп. Эмне болуптур деп сурасам, «эжеси уруп коюптур го» деп айтты. Мен класс жетекчисине чалсам, «ошол мугалим үйүӊүзгө барат» деди. Шамга жакын келди. "Башка кыздар Асема, Дамира деген кыздар жиниме тийип коюшту эле, эмоцияга алдырып бир эле шапалак салып койдум" деп кечирим сурады. Мен кечирдим. Менин кызым менен анын кызы классташ. Эжекесинин кызы менен менин кызым урушуп кеткен экен, анан «менин кызым кызыӊызды тыйып коюӊуз» дептир.  Анан эжеке "эмнеге антип айтасыӊ сволуч" дептир, анан кызым "оозуӊузга карап сүйлөӊүз, сволуч дебеӊиз" деп айтыптыр.  Мен кечирдим.

Анан эртеси ватсаптан видеосу келип жатпайбы? Ага чейин көргөн эмесмин да. Кызым да айткан эмес. Анан директорго барып айттым, директору шок болду. Эжекени чакырды. Эмне болду эле сурады. Маанайым жок, эмоцияга алдырып деген сөз болду. Директор менден кечирим сурады. Анан улуу башы менен сурап жатса кечирдим деп айттым. Видео таркап кеткендиктен мектепте дүрбөлөӊ болуп, ата-энелер дагы чогулуп, эжекеси жалпы ата-энелерден дагы кечирим сурады, ката кетти менден деп. Ошону менен бас-басты болуп калды.

Бирок кечинде милициялар келип, «РОВДга барып арыз жазбасаӊыз болбойт» дешти. Мен РОВДга барып, «беш баласы бар экен, эжеке деле жаш экен арыз-доом жок» деп арыз жазбадым. Жолдо келе жатканда кызым кусуп, судороги болуп, айдоочуну түз эле ооруканга алып бар дедим. Азыр кызым хирургияда жатат. Мен ал эжекени деле каматып жиберейин деген оюм жок. Эгер мени чакырса, кызымды жолго салып коёт элем го. Видеону акыр аягына чейин чыдап көрө алган жокмун. Комментарийлерди окудум. Аябай жаман жазышыптыр. Ар бир ата-эне башына келгенде түшүнөт. Мектепте беш балам окушат. Баары отличник, - деп айтып берди.  

Ал эми окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, териштирүү жүрүп Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин мугалими Мээримгүл Эргешбаева иштен кеткени айтылды.
Мээримгүл Эргешбаева да окуя боюнча эмоцияга алдырып койгонун, ата-энесинен кечирим сурап жарашканын, бирок видео тарап кеткендиктен талкуу болуп кеткенин маалымат булактарына билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter