У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Москвада туугандары тарабынан сабалган 11 жаштагы кыз ата-энесине жөнөтүлөт


     Москвада туугандары тарабынан сабалган 11 жаштагы кыз Кыргызстандагы ата-энесине жөнөтүлөт. 
 
Жогорку Кеңешке караштуу Миграция кеңешинин Россиянын борбору боюнча өкүлү Сагынбай Расуловдун билдиргенине караганда, кыз азыр Өзгөн диаспорасынын лидеринин үйүндө. Кыздын Кыргызстанга учушуна ата-энесинин макулдугу күтүлүүдө. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин юристтери менен биргеликте ага керектүү документтерди даярдашкан. Ал бүгүн медициналык кароодон өткөрүлөт. Кыздын ата-энеси кызын Кыргызстанга жөнөтүүнү суранган. 
 
Эске салсак, укук коргоочу Назгүл Турдубекова Facebook баракчасына Москвада 11 жаштагы кыздын туугандары тарабынан сабалганын жазып чыккан. Өспүрүм ата-энесинин туугандарынын баласын кароо үчүн Россияга барган. Кызды таежеси 3-күндөн бери ур-токмокко алганы белгилүү болгон.  Ал кызга бала бакканы үчүн айына 8000 сом акы төлөгөн. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter