У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта төрт балалуу аял жаңы төрөлгөн ымыркайын тирүүлөй жерге көмүп салган


Таласта төрт балалуу аял токойдо төрөп, ошол жерге тирүүлөй көмүп салган. Бул тууралуу маалымат каражаттарына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
 
Буга чейин милицияга Таластын бириккен ооруканасына аял төрөттөн кийин аял жаткырылганы, бирок анын жанында наристенин жок экендиги тууралуу маалымат түшкөн.
 
Маалыматка ылайык, жаӊы төрөгөн аял 39 жаштагы К.Э. экени аныкталган. Ал төрт баласы менен Таласта апасынын үйүндө жашаган. 2021-жылдын октябрында кош бойлуу болуп калган. 13-майда токойдо сейилдеп жүргөндө толгоосу башталып, ал токойго төрөп, жаӊы төрөлгөн ымыркайын тирүүлөй жерге көмүп, кетип калган. Аталган факты боюнча экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон. Аял аймактык оорукананын гинекология бөлүмүнө жаткырылган.
 
Төрөттөн кийин аял Талас облустук бириккен ооруканасына жаткырылганын дарыгерлер да тастыкташкан.
 
«Бейтап ооруканага Тез жардам унаасы менен келди. Ал адегенде алгачкы жардам көрсөткөн медицина кызматкерлерине кайрылган, алар бейтапты бизге жөнөткөн. Башында биз анын жаӊы төрөгөнүн билген эмеспиз. Текшерүү учурунда анын жаӊы төрөгөнү, тондун калдыктары калып калганы аныкталды. Дарыгерлер ага төрөттөн кийинки эндометрит деген диагноз коюшкан. Ал дарыланып жатат», - деп айтылат мекеменин маалыматында. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter