У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте мектеп окуучусу 9-кабаттын терезесинен кулап каза болду


 Бишкекте жол мектеп окуучусу 9-кабаттын терезесинен кулап каза болду.
 
Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 18-майда эртең мененки саат сегизде Каралаев көчөсүндөгү үйдүн 9-кабатындагы терезеден мектеп окуучусу кулап кеткендиги тууралуу милицияга чакыруу түшкөн. Ал алган жаракатынан улам каза болгон.
 
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн тактады. Ал 2008-жылы туулган Н.И. экени аныкталды. Бул факты маалымат журналына катталып, текшерүүнүн алкагында экспертизалар дайындалды.
 
Милиция окуянын себептерин иликтеп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter