У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектеги бала бакчалардын акысы кымбаттады


  1-майдан тарта Бишкек шаарындагы муниципалдык бала бакчаларда ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөм көбөйдү. Мэриядан билдиргендей, бала бакчалардагы төлөмдүн көтөрүлүшүнө мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тамак-аш стандартынын жогорулашына байланыштуу.
 
Буга чейин бала бакчаларда бир баланын тамак ашына 60 сом бөлүнсө, 1-майдан тарта 120 сом бөлүнөт. Анын 50 пайызын муниципалитет, калганын ата-энелер төлөйт. 
 
Бала бакчалардагы тамак-аштын баасы 2011-жылдан бери кайра каралбай, бир балага күнүнө 60 сом бөлүнүп келген. Анын 30 сому мэрия тарабынан каржыланса, 30 сомун ата-энелер төлөп келишкен. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter