У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Хизб ут-Тахрир” уюмунун лидерлери жана активдүү мүчөлөрү кармалды


   Жалал-Абад облусунун Аксы районунда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун көмүскө ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
 
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 1-майда Кербен шаарында Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси («Экстремисттик уюмдарды түзүү жана каржылоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Хизб ут-Тахрир» уюмунун төрт лидери жана сегиз активдүү мүчөсү кармалды. 
 
«Экстремисттик маанайдагы адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, системалык блоктор, электрондук маалымат каражаттары жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар алынган», - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
 
Мекеменин маалыматына караганда, кармалгандар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында диний сабактарды үзгүлтүксүз өткөрүп, социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратышкан. Кармалгандар Жалал-Абад шаарынын СИЗОсуна киргизилди.
 
2003-жылдан бери Кыргызстандын аймагында экстремисттик же террористтик деп табылган 21 диний уюмдун ишмердүүлүгүнө мыйзамдуу түрдө тыюу салынган. Алардын арасында “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшул Махди”, “Ансару-л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами”, “Жихад тобу”, “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” жана башка эл аралык экстремисттик уюмдар бар.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter