У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек- Ош жолундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 10 киши жабыркады


 2-май күнү саат 18:30 чамасында Базар-Коргон районуна караштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун 554-чакырымында, Бишкектен Ош багытын көздөй бара жаткан Жалал-Абад шаарынын тургуну 1961-жылы туулган А.К., «Митсубици» унаасы менен жолдун карама-каршы тилкесинде келе жаткан Ноокен районунунун тургуну 1990-жылы туулган П.Д. башкаруусунда «Хонда-Степвагон» менен кагылышкан. Натыйжада «Митсубици» унаасынын айдоочусу жана «Хонда-Степвагон» унаасынын жүргүнчүсү 2021-жылы туулган наристе окуя болгон жерде, алган жаракаттарынан улам каза болушкан. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, «Хонда-Степвагон» унаасынын айдоочусу 1990-жылы туулган П.Д., жана анын жүргүнчүлөрү 1981-жылы туулган А.И., 1969-жылы туулган А.А., 1993-жылы туулган А.С., 1983-жылы туулган Ж.М., 2013-жылы туулган Т.К., 1987-жылы туулган М.Э., 1988-жылы туулган С.Н., 2019-жылы туулган Т.Ф., 2017-жылы туулган А.А. райондук ооруканага жаткырылган.
            
Ошону менен эл аралык, шаар аралык каттамдарда эл ташуу менен алектенген оң рулдуу Хонда-Степвагон (минивэн) транспорт каражатынын катышуусунан 2 адам каза болуп 10 адам жабыркады.  
 
ЖКККББы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет: Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурларда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана так аткарууга милдеттүү, жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter