У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бала бакча ачам деген жеке ишкерлерге жеңилдиктерди берүү каралууда


 Мектепке чейинки билим берүү тармагындагы эң негизги көйгөй — бала бакчалардын жетишсиздиги экенин Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКИpress агенттигине берген маегинде айтты.
 
 Анын айтымында, жаңы бала бакчалардын салынып жатканына карабай, балдарды толугу менен бала бакча менен камсыздоого мүмкүн эмес, анткени демографиялык өсүү бар. Төрөлүп жаткан балдардын саны көп болгондуктан бала бакча менен бардык балдарды камыз кылуу маселелери чечилбей келет.
 
 “Бул маселени чечүүдө өлкө башчысынын жаңы жарлыгын күтүп жатабыз. Кыргызстандагы балдардын толук кандуу билим алышы үчүн шарттарды түзүү боюнча даярдык көрүүдөбүз. Дегеним, Кыргызстанда бала бакча ачам деген жеке ишкерлерге кандайдыр бир жеңилдиктерди берүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде бала бакчалардын санын көбөйтүү, эл аралык долбоорлор менен бала бакчалардын санын көбөйтүүнүн үстүндө иштейбиз», - дейт министр.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter