У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Окуучу кызды сабаган 4-класстын окуучусунун үстүнөн дагы бир арыз түштү

 
Буга чейин 4-класстын окуучусун сабаган окуучу кыздын үстүнөн дагы бир арыз түштү. Ал Бишкектеги мектептердин биринин ажатканасында 12 жаштагы окуучу кызды сабаган. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, сабалган кыздын ата-энеси 28-апрелде милицияга арыз менен кайрылган. Алар өз арызыдында кызы Ю.С. шаардагы мектептердин бириндеги ажатканада сабалганын билдирген. Алар буга 2011-жылы туулган Ч.А. аттуу окуучуну айыптаган. Бул факты электрондук журналга катталып, алдын ала текшерүү башталган. Ал эми жаракат алган окуучу кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
 
«Окуучуларды сабаган кыз алты айлык профилактикалык каттоого (учет) алынып,  эки жума ал үйүндө онлайн билим алат. Бул үчүн атайы программа иштелип чыккан. Окуучунун үй-бүлөсү менен да профилактикалык сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми 11 жаштагы Ч.А`нын апасына 102-берене (ата-энелик милдеттен качуу) боюнча протокол түзүлүп, 3000 сом айып салынды. Чогултулган материалдардын көчүрмөсү Октябрь райондук балдар иштери боюнча комиссияга жөнөтүлдү", - дешти мекемеден.
 
Эске салсак, 11 жаштагы Ч.А. буга чейин 4-класстын окуучусун сабап жатканы видеого түшүп, милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жана сабаган кыздын апасына 1000 сом өлчөмүндө айып салынган.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter