У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бейшеналиев: TOEFL, TOEIC, IELTS сыяктуу экзамендерден сертификаты бар мугалимдер гана сабак берсин деген критерийлерди киргиздик


Медициналык жогорку окуу жайда сабак берип жаткан мугалимдердин тил жөндөмдүүлүктөрү боюнча критерийлерди киргиздик. Ал критерийлерге ылайык, медициналык окуу жайларда TOEFL, TOEIC, IELTS сыяктуу экзамендерден сертификаты бар мугалимдер гана сабак бере алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКИпресс агенттигине берген маегинде билдирген. 
 
Анын айтканына караганда, бул талаптар билим сапаттын көтөрүүгө багытталган. 
 
 «Биз медициналык жогорку окуу айларда сабак берген мугалимдерге да талаптарды күчөттүк. Антпесе, бүгүн B1 деңгээлинде англис тилин билген мугалимдер сабак берсин деп жазылган, бирок B1′ди тастыктаган эч бир документ жок эле жүздөгөн-миңдеген мугалимдер сабак берип жатышат. Ушунун баарына бөгөт коюу боюнча министрлик кескин чараларды көрүп жатабыз. Булардын баары сапатты көтөрүүгө багытталган маселелер», - дейт Бейшеналиев. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter