У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эл аралык аккредитациядан өтпөгөн окуу жайлар чет мамлекеттерден студенттерди кабыл ала алышпайт


Эл аралык аккредитациядан өтпөгөн медициналык жогорку окуу жайлар бул жылдан баштап чет мамлекеттерден студенттерди кабыл ала алышпайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди. 
 
Анын айтканына караганда, медициналык жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушуу болуп, анда жогорку окуу жайларга бир катар талаптар коюлган. Жогорку окуу жайлар материалдык-техникалык базаны жабдуу боюнча кемчиликтерди жоюш керек.
 
«Чет мамлекеттен келген студенттерди кабыл алып жаткан окуу жайлар эл аралык аккредитациядан өтүш керек. Эл аралык аккредитациядан өтпөгөн окуу жайлар бул жылдан баштап чет мамлекеттерден студенттерди кабыл ала алышпайт. Ушундай чоң талаптарды койдук»,-деп билдирген Бейшеналиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter