У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ИИМдин тергөөчүсү 4 миң доллар пара талап кылган деген шек менен кармалды


 Пара талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, милициянын майору Ш.С.К. 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөчү тергелип жаткан кылмыш ишин токтотуу үчүн айыпталуучудан ортомчу аркылуу 4 миң доллар талап кылгандыгы аныкталган.
 
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Улук тергөөчү жана ортомчу кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
 
УКМК мамлекеттик, муниципалдык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле кылмыштуу топтордун мүчөлөрү тарабынан акча талап кылуу фактылары катталган учурда, бөлүмдүн кабылдамасына 0312660475 жана 0312626504 телефондору аркылуу кайрылууну өтүнөт.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter