У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстандык окуучулар Биология боюнча британ олимпиадасында 14 медаль жеңип алышты


 
12-мартта Биология боюнча британ олимпиадасы – 2022 болуп өттү. Быйыл олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашуун мектептен 10 миңден ашуун окуучу катышты. Кыргызстандан 184 окуучу катышып, 4 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
1. Алмазов Алай, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс – алтын медаль
 
2. Марат уулу Рахман, И. Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 10-класс – алтын медаль
 
3. Абдисаматов Нурислам, Жайыл Баатыр атындагы лицей, 10-класс – алтын медаль
 
4. Жумагулов Бекмырза, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – алтын медаль
 
5. Момуналиев Арслан, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс – күмүш медаль
 
6. Темиралиев Умар, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс – күмүш медаль
 
7. Курманбеков Сагындык, «Сема» Ош лицейи, 11-класс – күмүш медаль
 
8. Келдибеков Бектемир, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс –күмүш медаль
 
9. Гаипов Данияр, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 9-класс – күмүш медаль
 
10. Жуманалиев Далер, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи, 11-класс – коло медаль
 
11. Карыпжанов Байзак, «Манас-Ата» Талас лицейи, 9-класс – коло медаль
 
12. Камытов Улукбек, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – коло медаль
 
13. Жолдошбеков Илим, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 11-класс – коло медаль
 
14. Замиров Акылбек, «Кут билим» Ысык-Көл окуу-тарбия комплекси, 11-класс – коло медаль


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter