У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аралыктан окутуунун 2-күнү. Балдар кандай окуп жатат?


КР Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү мекемелерин аралыктан окутууга өткөрдү. ЖОЖдордон тартып мектеп, бала-бакчага чейин аралыктан окутууну башташты. Ал эми мектептерде төртүнчү чейректин сабактарын 8-апрелден тарта телеканалдардан берүүнү баштады. 1-4-класстын сабактары "Баластан" каналынан, 5-11-класстын сабактары ЭлТРдин "Билим жана илим" каналынан берилүүдө. Башка телеканалдар да кошулушу мүмкүн.

Аралыктан окутуунун алгачкы күнүндө эле интернет колдонуучулары онлайн окуунун оң жана терс жактарын айтып, жазып чыгышты. Көпчүлүк ата-энелер үйдө балдардын онлайн окуусу үчүн техникалык жабдуулар талапка жооп бергидей эместигине байланыштуу кыйналып жатканын айтышууда. Себеби аралыктан окуу үчүн ноутбук, копьютер, смартфондор керектелет. Ал эми калктын калың катмарында мындай техникалык жабдууларды колдонбогондор да жок эмес. Мындан сырткары ата-энелер интернет кызматтарынын кымбаттыгына нааразы. 

Бирок интернет кызматтарын жеңилдетүү максатында  "Мегаком" компаниясы менен келишим түзүлүп, мугалимдер менен окуучуларга симкарта берилээри, ал симкарталар бекер интернет таратаары айтылды. Ал тиркеменин аталышы "Мега 24".


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter