У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто калем саптын капкагын жутуп алган окуучусу каза болду


 
Ош шаарында калем саптын капкагын жутуп алган окуучу каза болду. Бул тууралуу Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Юсупова маалымат каражаттарына билдирди.
 
Анын айтымында, кырсык 26-январда №48 мектепте болгон.Каза болгон окуучу 1-класста окуган.
 
«Сабак бүткөндө мектептен чыгып баратканда курткасын кийип жатып, ручканын капкагын оозуна салып турган экен. Апасы жанында болгон. ал баласын мектептен алып кеткени келген. Мындан сырткары мугалими да, директор да ошол жерде экен. Эч кандай жардам бере алышпаптыр. Тез жардам кызматы алып бара жатканда, жарым жолдо каза болуптур. Ата-энеси мугалимдерге биздин эч кандай доо-арызыбыз жок дешти. Кечээ баланын сөөгүн жерге беришти», - деди Юсупова.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter