У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эми 1-класска электрондук каттоодо жашаган жеринен ырастама талап кылынбайт


Мектепте электрондук каттоо системасын тестирлөөнүн жыйынтыгында ага өзгөртүүлөр киргизилген. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мектепке электрондук кабыл алуу жыл сайын мыйзамдуу жана иш жүзүндө жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.

«Азыр паспорттун көчүрмөсүн, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тиркөөнүн кереги жок. Ал эми жашаган жеринен маалымкат алуу талабы алынып салынды», — деди Надира Жусупбекова.

Санариптик трансформация секторунун башчысы Расул Маматов быйыл системаны «Инфоком» мамлекеттик ишканасы модернизациялап жатканын белгиледи. Система Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат базасы менен интеграцияланган.

«Бул ата-энелерге жеке документтерди тиркөөбөгө мүмкүнчүлүк берет. Система алардын мыйзамдуу жашаган жерин, башкача айтканда, паспортундагы дарегин автоматтык түрдө аныктап, кайсы мектептке баласын киргизе аларын көрсөтөт. Эгерде алар системанынын тандоосуна макул болбосо, экинчи этапта башка мектепти тандаса болот”, - дейт Расул Маматов.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter