У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мектептерге 1-класска электрондук кабыл алуу качан башталары айтылды

 
11-апрелден баштап мектептерге 1-класска электрондук кабыл алуу башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди.
 
Белгилей кетсек, 2022-жылдан тарта мектептерге электрондук кабыл алуу Кыргызстандын бардык аймагында жүргүзүлөт.
 
Системага кирүү 11-апрелде саат 9.00дө ачылат.
 
Электрондук каттоо аркылуу биринчи класска кирүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. Андан кийин дарек тилкесине mektep.edu.gov.kg тиркемеси аркылуу электорндук каттоодон өтөт.
 
Белгиленген мөөнөттө каттоого үлгүрбөй калган ата-энелер үчүн балдарды кабыл алуунун экинчи этабы 4-июлдан 26-августка чейин жүргүзүлөт. Алар бош орундар бар мектепти тандап, Электрондук каттоо” аркылуу каттоодон өтүшөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter