У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ырчы Анжелика кыйган бактын мыйзамдуулугу иликтенет


     Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев Түп районундагы бактын кыйылышынын мыйзамдуулугун иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
 
Буга чейин ырчы Анжелика бир жыл мурун кырсыкка учураган даракты кыйган. Ал көп жылдык өсүмдүктү кыюуга тиешелүү кызматтардан уруксат алганын белгиледи.
 
Мамлекет башчысынын ыйгарым укуктуу өкүлү экологиялык милиция жана башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте комиссия түзүүнү суранды.
 
«Окуя болгон жерге баргыла, эгерде бул иште бак кыюунун мыйзамдуулугу аныкталса, анда (жазуу же оозеки уруксат берген делген) жооптуу адамдар ээлеген кызматынан бошотууга чейин мыйзам чегинде жазаланышы керек», - деди Мирбек Кожоев. 
 
Эске салсак, ырчы бир жыл мурун Балыкчы - Ананьево - Каракол жолунда кырсыкка кабылган. Андан кийин айдоочу рулду башкара албай калып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен ырчы эки кызы менен жабыркаган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter