У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айзада Канатбекованын өлүмү. Биринчи инстанциянын өкүмү күчүндө калтырылды

 
Бишкек шаардык сотунда Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кылмыш иши боюнча соттук отурум аяктады.
 
Тараптардын жарыш сөзүндө жабырлануучу тараптын жактоочулары ар бир айыпталуучудан 100 000 сомдон материалдык чыгым өндүрүп берүүнү суранышты.
 
Үч соттолуучунун адвокаттары аларды актап берүүнү суранышты. Дагы экөө пробация көзөмөлүн колдонууну суранышты.
 
Сот биринчи инстанциянын чечими күчүндө калтырылды.
 
Адвокат Нурбек Токтакунов жабырлануучу тараптын мындай өкүмгө макул эместигин айтып, Жогорку Сотко кайрыла турганын билдирди.
 
Эске салсак, Айзада Канатбекованы 5-апрелде ала качып, эки күндөн кийин анын жана аны ала качкан адамдын сөөгү табылган. 
 
Ала качууга тиешеси бар бардык шектүүлөр кармалды. Аларга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкектин Биринчи Май райондук соту үч айыпталуучуну жети жылдан, дагы экөөнү алты жыл алты айга эркинен ажыраткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter