У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Суу районунда 12 жаштагы бала атасынын тапанчасы менен өзүн атып алды


 Ош облусунун Кара-Суу районунда жашы жете элек бала атасынын тапанчасы менен өзүн атып алды. Бул тууралуу маалыматты Папан айыл өкмөтүнөн тастыкташты.
 
Алдын ала маалымат боюнча, окуя 20-январь күнү эртең менен Папан айыл өкмөтүнө караштуу Дыйкан-Кыштак айылында болгон. Өспүрүм 2009-жылы төрөлгөн.
 
«Атасы тапанчасын калтырып коюп, намаз окуганы кирип кеткенде баласы тапанча менен ойноп отуруп, өзүн атып алыптыр. Атасы милиция кызматкери окшойт. Азыркы учурда баланын абалы кандай экендиги жөнүндө маалымат жок», - деп айтылат айыл өкмөттүн билдирүүсүндө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter