У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Балтада төрт кыз өз жанын кыюуга аракет кылышкан. Бирөө кат жазып калтырган


 Кара-Балта шаарында төрт кыз өз жанын кыюуга аракет кылышкан. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.
 
Маалыматка ылайык, 19-январда кыздар ооруканага жеткирилген. Алардын биринин тамыры кесилген, дагы үчөө ири өлчөмдөгү дары ичкен. Алар 1995, 1996, 1997 жана 1987-жылы туулган кыздар болгон. Алар батирде чогу жашаган. 
 
Алдын ала маалыматка караганда, алар өз жанын кыюуга жашыруун видеокамералары тарабынан тартылган видеолордон улам ушундай кадамга барышканын билдиришкен. Жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлгөн, алардын биринин абалы оор. 
 
Ошондой эле кыздардын бири кат жазып калтырган. Анда үч кишини жалаа жабуу үчүн айыптаган. Тактап айтканда, ал бул адамдар интернетте видеоматериалдарды таратканын, ошондой эле аны сойкулукка айыпташканын жазган. Өзүнүн айтымында, официант болуп иштеп, адал эмгек кылган. Кыз апасына кат менен кайрылып, кызына кам көрүүнү суранган.
 
Милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter