У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Сууда унаасына аялдын сөөгүн жүктөп алган айдоочу кармалды


Ош облусунун Кара-Суу районунда жол тескөөчүлөр менен ИИМдин атайын багыттагы батальонунун кызматкерлери унаасына аялдын сөөгүн жүктөп алган айдоочуну кармашты. Бул туралуу ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
 
Аталган башкармалыктан билдиришкендей кечээ, 4-январда саат 21:50 чамасында жол тескөөчүлөр «Шумкар» атайын багыттагы батальонунун кызматкерлери менен Бишкек—Ош унаа жолунун 663-чакырымында, тактап айтканда, Кара-Суу районунун Медресе айылында 2-кезекте кызмат өтөп жаткан учурда «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу келип, аталган жолдун тилкесинде (Т аймагы) унаанын ичинде айдоочусу менен жүргүнчү урушуп жатканын билдирген. 
 
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан. Алар жакындап калганда а «Хундай Соната» үлгүсүндөгү унаа ордунан жылып жөнөгөн. Милиция кызматкерлери анын артынан барып, текшерген учурунда арткы отургучтан аялдын сөөгүн денесин табышкан.
 
Унаанын айдоочусу кармалып, андан соң Кара-Суу районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобуна өткөрүлүп берилди. Каза болгон жарандын өздүгү такталды, ал Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Г.Т. болуп чыкты. Унааны айдап бара жаткан Кара-Суу районунун 1983-жылы туулган тургуну М.А. экени аныкталды.
 
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter