У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта 16 жаштагы кыз көз жарды. Зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды

 
Талас районунун Долон айыл өкмөтүндө 2005-жылы туулган К.И. көз жарды. Зордуктоого шектелип өгөй атасы Бишкектен кармалды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, кыз эки жума мурда операция жолу менен төрөгөн. 
 
«Ал социалдык коргоого алынып, айыл өкмөт тарабынан жардам көрсөтүлүп келет. К.И. операция жолу менен салмагы 4 килограмм наристе төрөдү. 10 күн медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болду. Кыздын жана баланын абалына көз салып турабыз. Үйүнө 250 кг көмүр,1500 сомдон акчалай жардам көрсөтүштү, мурда 5000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.
 
Кызды зордуктаган деген шек менен анын өгөй атасы кармалды.
 
Буга чейин, Таласта 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 50 жаштагы өгөй атанын табылбай жатканы туурасында маалымат каражаттарында айтылган. Кыздын апасы укук коргоо органдары издөө иштерин жакшы жүргүзбөй жатканын билдирген. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter