У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Империя пиццы” кафесине 7500, 5000, 3000 сом айып пул салынды


Бүгүнкү күндө Бишкектеги “Империя пиццы” кафесинин бардык 16 филиалы жабылганын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Кундуз Eсенгулова брифингде билдирди.
 
Анын айтымында, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору «Империя пиццы» тармагынын ишин токтотуу боюнча санитардык буйрук чыгарган.
 
«Учурда жагдайлар такталганга чейин жана акыркы анализдин жыйынтыгы чыкканга чейин кафенин бардык филиалдары жабык болот. Бүгүнкү күндө биз текшерген “Империя пиццы” тармагынын филиалдарына карата 5 протокол түзүлдү.  Эреже бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 7500 сом, 5000 сом жана 3000 сом айыппул салынды”, — деди Eсенгулова.
 
Анын айтымында, материалдар Бишкек ШИИБге жана Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилген. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter