У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үч баланын энеси ата-энесинин үйүндө асынып каза тапты. Ата-энеси арыз жазуудан баш тартты


 Жолдошу менен урушуп кетип, ата-энесинин үйүнө келип асынып алган келиндин ата -энеси милицияга арыз жазуудан баш тартышкан. Бул тууралуу 25 -октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Шаардык милициянын маалыматы боюнча, аялдын ата-энеси Россияда эмгектенет, кызы асынып каза болгон күнү алар Кыргызстанга келишкен. 
 
Окуя боюнча алар эч кимге дооматыбыз жок деп билдиришип, милицияга арыз жазуудан баш тартышкан.
 
Эске салсак, 19 -октябрда Ошто катталган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына "Туран" МТУнун үйлөрүнүн биринен асынып каза болгон аялдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.  Милиция окуя болгон жерге барып, маркумдун өздүгүн тактаган. Ал 30 жаштагы А.Н. аттуу келин болгон. Маркум апасынын үйүнүн коридорунда асынып алган. Анын артында жашы жете элек үч баласы калды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter